Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт

Бишкекте бүгүн кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, форумга Өзбекстандын тышкы соода министрлигинин өкүлдөрү, инвестиция боюнча Мамкомитет, соода жана өнөр-жай палатасынын өкүлдөрү жана 20 жакын компания катышат.

Кыргыз тараптан соода жана өнөр-жай палатасынын, экономика министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргызстандын бизнес коомчулугу катышмакчы. Форумдун башкы максаты кыргыз-өзбек кызматташтыгын чыңдоо, ошондой эле эки тараптуу соода сатыктуу кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 170 млн. АКШ долларын түзгөн.

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовдун жакында билдиргендей, 2017-жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 110 млн. долларга жеткен.