«Саякбай» тасмасы Монреаль кинофестивалынан гран-прини алды

«Саякбай» тасмасы 41-чи Эл аралык Монреаль кинофестивалында «Мыкты инновациалык тасма» номинациясы боюнча Гран-при утту. Бул тууралуу  Саякбай Манасчы Коомдук фондунан кабарлашты.

Аталган тасманын аткаруучу продюссери Сүйүм Сулайманова, башкы продюссери Саматбек Ибраев, режиссеру Эрнест Абдыжапаров. Саякбай Каралаевдин ролун үч актер аткарды: Марат Жанталиев-карыган кезин, Бактыбек Нурмат уула-орто жашын, Үмөт Дөөлөт уулу-бала чагын. Ошондой эле, кинодо Чыңгыз Айтматов дагы бар, анын ролун жазуучунун кичүү баласы Эльдар Айтматов жаратты.