Батирлердин биринен жансыз дене табылды

Бишкектеги Октябрь районундагы батирлердин биринен карыган аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрда кечинде Элебаев көчөсүнүн тургундары куткаруучуларга чалып, батирдин эшигин ачып берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Куткаруучулар болжол менен саат 20:20 чамасында окуя болгон жерге келип, эшикти ачып, 1956-жылы туулган аялдын жансыз денесин табышкан.