Ардагерлер президенттен жардам алууда

Ошто эки ардагер президенттин атынан материалдык жардам алды. Муктар Нургазиев жана Базарбай Холматов менен бүгүн президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков барып жолугуп, мамлекет согуштун жана ооруктун ардагерлерине материалдык жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү боюнча бардык тиешелүү чараларды көрүп жатканын айтты.

Ошондой эле Бишкекте үч ардагер президенттин атынан Жеңиш күнүнө карата материалдык жардам алды. Аппарат башчысынын орун басары Элвира Сариева согуш ардагерлери Шаабай Шатманов, Леонид Тузов, Асек Урманбетов менен жолукту