Өкмөттүн дагы бир кеңешчиси дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Момункулов Эсенкул Дүйшөнкулович Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Эсенкул Момункулов, 1978-жылы туулган. Германиядагы Гейдельберг университетинин бүтүрүүчүсү (2008), АКШ дагы Миннесота университетинде илим изилдөөчү болуп иштеген (2012).

Иш тажрыйбасы боюнча алганда буга чейин КР Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүндө эксперт (2011) жана КР Президентинин Аппаратынын кадрдык иштер, аймактык жана мамлекеттик башкаруу бөлүмүнүн инспектору (2013) болуп эмгектенген.

Ошондой эле 2015-жылы Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси болуп да кызмат өтөгөн.