Болотбек НУРМАТОВ: «Кыргызстандарт» – сапаттуу, коопсуз продукциянын кепили»

1927-жылдын 24-октябрында Кыргызстандын борборунда атайын ыйгарым укуктуу орган – салмак жана өлчөм палатасынын бөлүмү түзүлгөн. Бул күн  “Кыргызстандарттын” туулган күнү болуп калды. Ошондон баштап 95 жыл бою республикадагы мамлекеттик стандартташтыруу жана метрология системасынын негизги ишмердүүлүгүнүн тарыхы саналып келатат. “Кыргызстандарттын” ишмердүүлүгү жана анын жетишкендиктери тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун ( “Кыргызстандарт”) директору Болотбек Асанович Нурматов менен маек уюштуруп,  ой бөлүшкөнбүз.

– Болотбек Асанович, сиз башкарган мамлекеттик мекеменин кылымга тете өмүр сүргөн улуу мааракеси менен “Кыргыз Туусу” гезитинин атынан куттуктайбыз. Иштериңизде албан ийгиликтерди каалап, көздөгөн максаттарыңыздар-га жетишиңиздерге тилектешпиз. Оболу “Кыргызстандарттын” коомдогу ролу жана анын мааниси тууралуу айтып берсеңиз?

– Чоң рахмат, айтканыңыз келсин. Стандартташтыруу жана метрология боюн-ча улуттук орган катары “Кыргызстандарттын” ишмердүүлүгү өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо зарылчылыгы менен тыгыз байланышкан.

Ааламдашуу жана суроо-талаптын жогорулашынын шартында “Кыргызстандарт” продукциянын сапатын, анын коопсуздугун жана эл аралык стандарттарга шайкеш келүүсүн камсыздоо маселелерин чечет. Мунун аркасында өлкөбүздүн экспорттук потенциалы жогорулап, ата мекендик продукцияны сатуу рыногу кеңейүүдө.

Атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүү үчүн оптималдуу техникалык талаптарды жана көрсөткүчтөрдү сактоо, бир жагынан, керектөөчүнү коркунучтуу товарлардан коргоо, алардын табитине туура келген   продукциянын сапаттык мүнөздөмөлөрүн жана өлчөө тактыгын камсыз кылуу маанилүү.

– Бүгүнкү күндөгү рыноктун шартында  “Кыргызстандарттын” мекемеси элге кандай кызматтарды көрсөтөт?

– Учурда “Кыргызстандарт” ченөө каражаттарын калибрлөө; Ченөө каражаттарын текшерүү; Метрологиялык иштер жана кызматтар; Стандарттардын экспертизасы; стандарттардын онлайн дүкөнү; Продук-цияларды жана кызматтарды сертификациялоо; Шайкештик жөнүндө декларация­ларды каттоо; Продукцияны сыноо; Халал продукциясынын сертификаты; Квалификацияны жогорулатуу курстары боюнча кызмат көрсөтөт.

Бардык иштер жана кызмат көрсөтүүлөр улуттук жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

– Товардын сапатын эске ала турган болсо, бул маселе эл аралык деңгээлде деле маанилүү. “Кыргызстандарттын”  эл аралык кызматташуусу  кандай жолго коюлган?

– Өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо системаларын өнүктүрүү максатында “Кыргызстандарт” стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо жаатындагы эл аралык уюмдардын иш-чараларына катышып келет.

“Кыргызстандарт” жаңы дүйнөлүк рынокторду өнүктүрүүгө, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана экономикалык өсүштү тездетүүгө мүмкүндүк берген эл аралык стандарттарды кабыл алуу боюнча жигердүү иштеп жатат. Маселен, биздин кызматкерлер донорлордун колдоосу менен жаңы жана кургатылган жашылча-жемиштерге, ошондой эле балга карата Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) эл аралык стандарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн үстүндө иштеп жатышат.

“Кыргызстандарт” санариптик Кыргызстан концепциясын ишке ашыруу максатында стандарттардын маалымат базасын санариптештирүү боюнча бир топ иштерди жүргүзүүдө.

Учурда бул максатта “Кыргызстандарт” техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалымат фондунун автоматташтырылган маалыматтык системасынын программалык камсыздоосун иштеп чыгуу иштери колго алынууда.

Ошондой эле  биз башка мамлекеттердин: Германиянын, Кытайдын, Кореянын, Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн стандартташтыруу боюнча улуттук органдары менен эл аралык байланыштарды кеңейтип жатабыз. Мындан тышкары 2022-жылдан бери “Кыргызстандарттын” атынан биздин республика ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын жетекчилеринин кеңешине төрагалык кылат.

– Өзүңүз  айткандай, “Кыргызстандарт” метрология боюнча улуттук орган болуп эсептелет экен. Кыскача айтканда, “метрология” деген эмнени түшүндүрөт?

– Метрология – бул өлчөө илими болуп саналат. Өлчөөлөр өнөр жайдын болушун, саламаттыкты сактоонун коопсуздугун, таза сооданы, жылуулук-энергетикалык ресурс­тарды үнөмдүү пайдаланууну жана башка ушул сыяктуу нерселерди камсыз кылат. Мисалы, бир өндүрүүчүнүн “1 кг” же “1 литр” деген маркасы коюлган таңгакталган товарларда башка өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын бирдей өлчөмдө болушу маанилүү. Мунун баарынын артында өнүмдөрдүн жана кызматтардын сапатын жана коопсуздугун кепилдеген туура жана так өлчөөлөр бар.

Адам төрөлгөндөн баштап өлчөө менен байланышкан. Ал эми биз алар менен күн сайын беттешебиз: боюн жана салмагын өлчөйбүз, адамдын температурасын жана кан басымын өлчөйбүз. Продукцияны таразалайбыз, сууга жана электр энергиясына төлөмдөрдү төлөйбүз.

Товарлардын дүйнөлүк рыногунун ааламдашуусу жана Кыргызстандын ДСУга жана ЕАЭБге кирүүсү биз өзүбүздүн рынокто сапаттуу товарларга гана ээ болбос­тон, аларды чет өлкөлөргө да ийгиликтүү экспорттоону өздөштүрө билишибиз керек. Бул стандартташтыруу жана метрология борбору тарабынан жүргүзүлгөн калибрлөөлөрдү жана өлчөөлөрдү эл аралык таанууну талап кылат.

– Өлкөдө так өлчөө үчүн тие-шелүү база барбы? Тактыкты кантип аныктайсыздар?

– Ооба, туура айтасыз, “Кыргызстандарт” республика боюнча эң так өлчөөлөрдү жүргүзөт. Бул үчүн бизде алты эталондук лаборатория бар: масса лабораториясы, температура лабораториясы, кичине көлөмдөр лабораториясы, басым лабораториясы, узундук лабораториясы, электр чоңдуктары жана убакыт лабораториясы.

Биздин өлкөдө жүргүзүлүп жаткан өлчөөлөр башка өлкөлөр тарабынан ар кандай соода келишимдеринин алкагында, мисалы, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр тарабынан таанылышы маанилүү. Муну ишке ашыруу үчүн “Кыргызстандарттын” референт-лабораторияларын толук реконструкциялоо жана модернизациялоо жүргүзүлдү. Учурда Кыргызстан Борбор Азиядагы биринчилерден болуп эл аралык талаптарга ылайык калибрлөө системасы киргизилип, эл аралык сертификаттарды берүү менен бардык арыз ээлерине калибрлөө кызматтары көрсөтүлө баштады. Компетенттүүлүгүн тастыктоо үчүн “Кыргызстандарттын” референттик лабораториялары эл аралык таанылган Германиянын DAkkS аккредитациялоо органы тарабынан аккредитацияланган жана аккредитациялык сертификатка ээ болушкан. Биздин адистер калибрлөө системасын ишке ашырууда эл аралык эксперт статусуна ээ жана биздин өлкөнүн аймактарында да, Борбордук Азия өлкөлөрүндө да тиешелүү консультациялык иштерди жүргүзүшөт.

Ошондой эле, 2022-жылдын август айында “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентинин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен республикалык бюджеттин эсебинен ченөө каражаттарын текшерүү үчүн жол эрежесин бузууларды фото жана видеого тартуучу заманбап эталондук жабдуулар сатылып алынган. Бардык иштеп жаткан камералардын туура иштеши “Кыргызстандарт” тарабынан камсыз кылынат.

– Учурда продукциянын сапатына көңүл буруу багытында “Кыргызстандартта” кандай иштер жүрүп жатат?

– “Кыргызстандарттын” адистери рес­публиканын ишканаларында сапатты башкаруу системасын киргизүү боюнча консультациялык жардам көрсөтүүдө. “Кыргызстандарт” үзгүлтүксүз негизде эл аралык SIM-эксперт менен бирдикте бизнес өкүлдөрү жана уюмдар үчүн ISO 22000 жана HACCP, сапат менеджментинин ISO 9001 (СМС) системасын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча окуу курстарын жана тренингдерин өткөрөт.  Мындай  окуулар жыл бою өткөрүлүп турат.

– Болотбек Асанович, Борбордун адистери  ишканаларда, билим берүү уюмдарында тренингдерди  активдүү өткөрүп жатканын айттыңыз. Бирок бул үчүн адистердин өзү заман талабына жооп берген кесипкөй болушу керек да…

– Туура айтасыз. “Кыргызстандартта” өзүнүн квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борборунун базасында республиканын ишканаларынын жана уюмдарынын адистери үчүн окууларды өткөрөт. Окутуу квалификациялуу эксперттер, адистер, анын ичинде Россиянын, Түркиянын, Германиянын жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы окуу жайларында квалификациясын такай жогорулатып, сертификаттары жана квалификациялык сертификаттары бар “Кыргызстандарт” тарабынан жүргүзүлөт. Квалификацияны жогорулатуу борборунун окуу-методикалык базасы студенттерге керектүү окуу курсун ийгиликтүү өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет.

Учурдан пайдаланып Стандартташтыруу жана метрология борборунун жалпы жамаатын 95 жылдык мааракеси менен кызуу куттуктап кетмекчимин. Биздин ишибиз ары жооптуу, ошону менен бирге чыгармачылыкты талап кылат. Ар бир үй-бүлөдө бакыт-таалай, бакубат турмуш, бардар жашоону каалаймын. Майрамыңыздар менен, урматтуу коллегалар!

Аида БОЛОТБЕК кызы

0 Поделились