Ш. Мирзиеев: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу маселеси тездетилет

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу маселеси тездетилет. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев 5-сентябрда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев менен Бишкекте болгон жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымына караганда, бул маселе тар чөйрөдө каралып, эки тарап бир пикирге келишкен.

Ошондой эле, эки президенттин жолугушуусунда мамлекеттеринин ортосундагы өз ара пайдалуу байланыштарды олуттуу кеңейтүүгө өбөлгө түзө турган жана алардын экономикалык өнүгүшүнө кошумча түрткү бере турган «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» жаңы автомобиль коридорун түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Шавкат Мирзиеев айтып өткөндөй, 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында соода жүгүртүү 60 пайызга өскөн. Ошондой эле, ал эки тараптуу соода жүгүртүүнү 500 млн долларга чейин жогорулатууга мүмкүнчүлүк бар экенин да кошумчалады.

Булак: «Марал»