6-сентябрга карата аба ырайы

6-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, күндүз кээ бир тоолуу райондордо гана өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 14 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29;

Ал эми, Бишкекте 6-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрөлүп турат, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +32…+34 градуска чейин көтөрүлөт.

Булак: «Кыргызгидромет»