Жаңылыктар

Мыйзамсыз орнотулган батуттар алынды

Вице-мэр Нурдан Орунтаев, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, акимчиликтин экономика жана каржы бөлүмүнүн, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык  инспекциясынын адистери, «Тазалык» МИси, МАБ өкүлдөрү  менен эки күндүк рейд өткөрдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Курманжан Датканын эстелигинин жанындагы, Ала-Тоо аянтындагы, ошондой эле Эмен паркындагы 3 батут, 4 динамометр, 1 муздаткыч, 3 оюн жабдыктары алынды.

Буга катарлаш  Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын жанындагы уруксатсыз орнотулган тосмолорду, бастырмаларды, алуу  иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, рейддин алкагында «Бишкекжарык» МИнын электр куроочулары «Ала-Тоо» кинотеатрынын артындагы 300 метрге жакын мыйзамсыз зымдарды кесишти. Бул багытта иштер улантылууда.

Белгилей кетсек, акимчилик тарабынан аталган курулуштардын ээлери менен мыйзамдуу түрдө атайын бөлүнгөн жерлерге орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин ишке ашыруучулар кайрадан өздөрүнүн «мыйзамсыз» жерлерине кайтып келишет.

Эске салсак, буга чейин, 2022-жылдын 20-июнунан тарта Биринчи май районунун аймагындагы такталбаган жерлерде: парктарда, скверлерде, тротуарларда, бульварларда ж.б.у.с. жерлерде батуттарды колдонууга толук тыюу салуу күчүнө кирген. Бул чаралар борбор калаанын мэриясынын 2021-жылдын 25-мартындагы №71-р “Бишкек шаарынын аймагында белгиленбеген жерлерде соода жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө” буйругуна ылайык көрүлгөн.

0 Поделились