Ремонтко байланыштуу Логвиненко көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкек шаарындагы Логвиненко көчөсүнүн бир бөлүгү түтүктөрдү алмаштыруу иштерине байлыныштуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган жолдун Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылып, түтүктөрдү оңдоо иштери 6-сентябрдан 24-октябрга чейин созулат.

Шаардык муниципалитет жарандардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүнөт.