Үмүткан ЧОКМОРОВА: «СПИДден сактаналы: дарттын алдын алуу – айыкканга тете!»
Республикалык СПИД борборунун директору Чокморова Үмүткан Жусуповна узак жылдардан бери саламаттыкты сактоо тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Коомубузда ак эмгеги менен кадыр-барк күтүп, өзү жетектеген жамаатын бийиктиктерге, ийгиликтерге жетелеген Үмүткан айымга ким болбосун сый-урмат көрсөтүп, баалашат. Үстүбүздөгү жылы “КРнын эмгек сиңирген врачы” ардактуу наамына ээ болду. Үмүт айым менен болгон маегибизде мамлекетибизде ВИЧ/СПИД ооруусунун алдын алууда аткарылган иштер, учурдагы аракеттер туурасында сөз болду.

– Үмүткан Жусуповна, ушул дарт менен кандайча күрөшүп жатасыздар?
– Бүгүнкү күнү негизги максатыбыз: ВИЧ – инфекциясын жуктуруп алгандарды эрте аныктоо. Алар ооруну башка адамдарга жуктура электе дарылануу иштерин баштоо – биз үчүн чоң ийгиликтерди алып келет.
1915-жылы 25-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган резолюциясында Туруктуу Өнүгүүнүн максаттарынын бири катары дүйнө коомчулугуна 2030-жылга СПИД, кургак учук, безгек жана гепатит ооруларынын бир дагы жаңы учуру катталбасын деген максат – милдеттенмелер коюлган. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн ЮНЭЙДС (Бириккен улуттар уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча программасы) Эл аралык уюму тарабынан 90:90:90 стратегиясы кабыл алынган. Бул стратегиянын негизинде 2021-жылга:
• ВИЧ – инфекциясын алып жүргөндөрдүн 90 пайызы өзүнүн статусун билиш керек,
• ВИЧ – инфекциясын алып жүргөндөрдүн 90 пайызы дарыланууга камтылыш керек,
Дарыланып жаткандардын 90 пайызы ВИЧ – инфекциясын алып жүргөндөрдүн канынан вирустун саны аныкталбашы керек.
Кыргыз Республикасында «СПЕКТРУМ» алдын ала маалымдоо программасынын негизинде 2020-жылы каза болгондорду чыгарып салгандан кийин 9200 ВИЧ – инфекциясын алып жүрүүчүлөр жашайт. Бирок, КОВИД – 19 пандемиясына байланыштуу биз бул максаттарга жете албай калдык:
1-90: Республика боюнча 82% түздү. (7545 ВИЧ – инфекциясын алып жүрүүчүлөрдү аныктадык).
2-90: Жалпы аныкталгандардын 67%ы (5040 ВИЧ – инфекциясын алып жүрүүчүлөр) дарылоого камтылды.
3-90: Дарылоого камтылгандардын 87%да (4373) канында вирустун көлөмү аныкталган жок.
2021-жылы жалпы коомчулуктун алдына коюлган максатка
жетүү үчүн ЮНЭЙДС эл аралык уюму 2025-жылга эң жогорку 95-95-95 стратегиясын
иштеп чыкты. Бул стра-
тегияга жетүү үчүн бизде бардык мүм-күнчүлүктөр бар:
1. 2021-жылы КР БУУнун Башкы Ассамблеясынын 95-95-95 стратегиясына жетүү милдеттенмесин кабыл алды,
2. Министрлер Кабинетинин алтынчы «Кыргыз Республикасында 2022-2026-жылдарга ВИЧ-инфекциясын жана вирусттук гепатиттерди жоюу боюнча мамлекеттик программасы» иштелип чыкты.
3. Мамлекеттик каржылоонун 2016-жылдан бери көбөйүшү, 2018-жылы – 62,4 млн., 2019-жылы – 42,4 млн., 2020-жылы – 76,3 млн., 2021-жылы – 83 млн., 2022-жылы 108,3 млн. сомду түзүп, бүгүнкү күнү ВИЧ – инфекциясын алып жүрүүчүлөрдү аныктоочу тест-системалардын жана дарылоочу (АРТ) антиретровирустук дарылардын 50%, ВИЧ/кургак учук, ВИЧ/Вирустук гепатиттин «В» жана «С» түрү менен ооругандарды дарылоо жана вирустук гепатиттин «В» түрүнө каршы эмдөө республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.
4. «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ийгиликтүү ишке ашырылууда, 2018-жылдын 24-августундагы № 614 Мамлекеттик социалдык заказ түзүүнүн ведомстволук программасы 3 жылга бекитилген, Социалдык заказды ишке ашыруунун алкагында калктын аярлуу катмарлары жана ВИЧ менен жашаган адамдар үчүн кызмат көрсөтүү стандарттары бекитилди. 2019-жылы “ВИЧ – инфекциясы” компоненти боюнча 3 млн. сом, 2022-жылы 5 млн. сом бөлүнгөн.
5. ВИЧ – инфекциясы аныкталары менен дарылоонун башталышы,
6. Аярлуу топтордун арасында алдын-алуу программалардын иштеши,
7. ВИЧ – инфекциясын алып жүрүүчүлөрдү эрте аныктоо үчүн жаңы ыкмалардын киргизилиши.

– Үмүткан Жусуповна – бул оорунун бүгүнкү күндөгү абалы кандай?
– ВИЧ/СПИД дүйнө жүзүндө күч алып, чагылган сыяктуу тез таркап жатат. Окумуштуулардын маалыматы боюнча бир күндө 16000, минутасына 11 адам ооруну жуктуруп алууда. Дагы бир коркунучтуу жагы бул оору продуктивдүү эмгекке жарамдуу калктын катмарьна таралып жаткандыгында. “Бул оору менен оорубайм” – деп эч ким кепилдик бере албайт, оору жашына, бийлигине, байлыгына, улутуна карабайт, баарыбызга бирдей коркунуч бар. Республикада алгач бул оору 1987-жылы катталган. 1987-1996-жылга чейин жалаң чет элдик атуулдар катталып келген. Учкучтарды даярдоочу аскердик окуу жайына Африкадан, башка өлкөлөрдөн келип окушчу. Эң алгач ошолордун арасынан чыккан. Бизге, доктор Назаралиевдин клиникасына келип дарыланышчу. Анткени, баңгиден жапа чеккендердин арасынан дагы көп чыгып турган. 1996-жылга чейин өз атуулдарынан СПИД оорусу катталбаган бирден-бир өлкө болуп келгенбиз.
2022-жылдын 1-октябрына карата Кыргыз Республикасы боюнча 11926 адам бул оорууну жуктуруп алып, катталышты. Алардын арасынан 2997 адам каза болду.
ВИЧ – инфекциясынын 100.000 адамга көрсөткүчү 2021-жылы 12 учур болсо, 2022-жылы 9 айына – 10,6 учурду түзөт.
Диагностиканын жана тестирлөөнү кеңейтүүнүн жаны ыкмаларын киргизүүгө байланыштуу: акыркы беш жылда жуктуруп алгандар 7584төн 11926га чейин 1,5 эсеге өстү. 2021-жылдын 8 айы менен салыштырмалуу 2022-жылдын 8 ай ичинде текшерүүдөн өткөн адамдардын саны 401 096дан 428 667ге чейин көбөйдү (927 571 анализге көп) жана ВИЧ – инфекциясын жуктургандардын жаңы учуру 594төн 718 учурга чейин көбөйдү. (124 учурга көп).
ВИЧ – инфекциясы бардык аймактарда катталууда: Чүй облусунда – 3083 учур (27,6%), Бишкек шаарында – 2759 учур (24,3%), Ош облусунда – 1737 учур (15,5%), Жалал-Абад облусунда – 1285 (11,4%), Ош шаарында – 1276 (11,4%), Ысык-Көл облусунда – 407 учур (3,6%), Баткен облусунда – 285 учур (2,5%), Нарын облусунда-236 учур (2,1%),Талас облусунда – 175 учур (1,6%) катталган.
Жугуу жолдору боюнча: жыныстык жол – 54,8%, кан жана кан азыктары аркылуу жолу – 37,4%, энеден балага берилүү жолу – 2,7%, жугуу жолу аныкталбагандар – 5,5% түзөт.
Этияттыктын жетишсиздиги жана өз ден-соолугуна жоопкерчиликсиз мамиле кылуу ВИЧ – инфекциясынын жыныстык жол аркылуу таралышына өбөлгө түзүүдө. Жыл сайын жаңы аныкталган учурлардын арасында 2017-жылдан 2021-жылга чейин 63%дан 82%га өскөн жана 2022-жылдын 9 ай ичинде 87%га көбөйгөн. Ал эми парентералдык (кан жана кан азыктары) жол менен 2017-жылдан 2021-жылга чейин 25%дан 4%га чейин азайган.
– Бул ооруну козгогон вирус тууралуу айтып берсеңиз?
– Оорунун козгогучу адамдын организиминде гана жашоочу вирус, ал сырткы чөйрөдө туруксуз. 56 градуста 30 мүнөттө өлөт, жугушсуздандыруучу каражаттар (хлорамин, НГК ж,б) бат өлтүрөт. Климаттык шартка жараша, адамдын организиминe жараша өзгөрүп турган вирус, ошон үчүн бүгүнкү күнгө чейин дарысы табылбайт.
– ВИЧ/СПИДдин жугуу жолдору кандай?
– Оорунун 3 жугуу жолу бар:
1. Жыныстык катнаш аркылуу: презервативсиз, туш келди жыныстык, эркек менен эркектер жыныстык катнашка барганда жугат.
2. Кан аркылуу оорулууларга текшерилбеген донордун каны куюлганда, жугушсуздандырылбаган медициналык аспаптар аркылуу, медициналык эмес аспаптарды колдонууда (балдарды сүннөткө отургузууда, татуировка жасоодо, чач тарачтарда жугушсуздандырылбаган кайчыдан, маникюр кайчыларынан, сакал алгычтардан) жугат.
3. ВИЧ – инфекциясын жуктуруп алган энеден балага: боюнда барда, төрөт учурунда, эмчектин сүтү аркылуу да жугат.
Башка учурларда: учурашууда, тамак ичкенде, идиш-аяк аркылуу, мончодон, саунадан, курт-кумурска аркылуу жукпайт.
– Оорунун биринчи белгилери кандай болот?
– Адамды сыртынан карап, анын оорулуу экенин айтуу кыйын, бир гана лабораториялык жол менен аныкталат. Анализ эки жолу алынып, Бишкек шаарындагы Республикалык СПИД борборунун референц лабораториясынан тастыкталып келгенден кийин каттоого алынып, көзөмөл жүргүзүлөт. Вирус организмге киргенден кийин адамдын иммунитет чыгаруучу клеткаларын жабыркатат, бара-бара иммундук клеткалардын сырткы чөйрөдөн кирген микробдорду жоготуу функциясы жоголот. Адамдын иммунитети начарлай баштайт дагы адам кайсы оору менен ооруп жүрсө ошол оорулары күчөйт жана сырттан ар кандай жугуштуу ооруларды бат жугузуп алат (кургак учук, онкологиялык оорулар, сарык оорулары, сасык тумоо ж.б). Узак убакытка 1-1,5 айга чейин эти ысып, башы ооруп, ичи өтөт. Тамак, колтук бездери жумуртканын көлөмүнө чейин чоңоюп, кандайдыр бир убакыттан кийин кайра кичирейип, өзүнөн өзү билинбей калат. Андан кийин адам оорубай 5-10 жылга чейин жүрө берет. Организмдеги иммунитет чыгаруучу клеткалар жабыркагандан кийин ооруунун бардык белгилери: кургак учук, рак, стоматит пайда болуп, денеге жаралар чыга баштайт, акыл-эси начарлайт. Акыры адам бул оорулар менен күрөшө aлбай төшөккө жатып калат.
– Ооруган адамдар канчага чейин жашайт, аларды кантип дарылайсыздар?
– Ооруну жуктуруп алган адамдын аз же көп жашашы бир гана өзүнө жараша болот. Мисалы, наркомандар андан ары сайынып, өзүн-өзү карабаса өлүм алыс эмес. Эгерде оору жугузган адам спорт менен машыгып, калориялуу тамак ичип, өзүн-өзү карап, тамеки чекпей, арак ичпей, жаман жолдорго барбай, ооруулардан сактанып жүрсө, көп жыл жашайт. Азыр антиретровирустук (АРВ) дарылар колдонулат, бирок бул дары вирустун өзүн өлтүрбөйт, ал кандын составындагы, иммундук клеткалардын ичине кире элек, бош жүргөн вирустардын кыймылын азайтып, аларды иммундук клеткаларга жабышуусуна тоскоолдук кылат. Бул дарылар бекер берилет.
– ВИЧ – инфекциясын алдын алуу үчүн кандай иштер жүргүзүлүп келүүдө?
– Ооба, азыр көптөгөн аракеттерибизди ушул балакеттүү дарт менен күрөшүүгө жумшап жатабыз.
– Кыргызстанда 24 метадон менен алдын алуучу пункттар бейөкмөт уюмдарда, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жана Мамлекеттик жазаны аткаруу мекемесинин базасында иштеп жатат. Бүгүнкү күнү 800-950 баңги затын сайынып колдонгон наркомандар метадон программасына камтылган.
– 21 бейөкмөт уюмунун базасында колдонулган шприцтерди алмаштыруучу пункттар иштеп жатат.
– 21 бейөкмөт уюмдарынын базасында аярлуу топтордун арасында ВИЧ – инфекцясын алып жүргөндөрдү шилекейден аныктоо ыкмасы киргизилди.
– Лабораториялык жол менен тастыктоо мөөнөтү кыскартылды, мурда 2 ай ичинде жыйынтыгы чыкса, бүгүнкү күндө 2 жума ичинде жыйынтыгы берилет.
– ВИЧ – инфекция аныкталгандан баштап эле дарылоо ыкмасы киргизилди. Белгилей кетчү жетишкендиктердин бири – бул ыкманын негизинде ВИЧ – инфекциясын жуктуруп алгандардын ден-соолугунун оңолушу, узак жашоосу, өнөктөшүнө жана боюнда бар кезде түйүлдүккө ВИЧ – инфекциясын жуктуруу коркунучунун азайышы болуп саналат.
– Электрондук система (ЭС) толук киргизилди.
– Республика боюнча 5 мобилдик клиника иштеп жатат, аярлуу топтогуларды экспресс тест ыкмасы менен СПИДке, кургак учукка, сифилиске жана сарык оорусунун «С» түрүнө текшеришет. Экспресс жолу менен шилекейден жана кургатылган кандан ВИЧке текшерүү жүргүзүлөт.
– АИВди алып жүргөн энеден төрөлгөн ымыркайдын согончогунан кан алып текшерүү ыкмасы киргизилди.
Акыркы эки жылдын ичинде өзүн-өзү тестирлөө, катнашка чейинки алдын алуу ыкмасы, боюнда бар аялдарды ВИЧ-инфекцияга 2 жолу (биринчи жана үчүнчү үч айлыкта) текшерүү, бейөкмөт уюмдардын базасында дарылоо жана бардык стационарларда кан аркылуу экспресс тестирлөө ыкмалары киргизилди.
КОВИД – 19 пандемиясы башталгандан бери “внебольничная пневмония” ооруусу менен ооругандарды ВИЧ – инфекцияга текшерүү сунушталып, бардыгы болуп 52 ВИЧ – инфекциясынын жаңы учурлары катталды.
– Кайсы нормативдик документтердин негизинде иштер жүргүзүлүп жатат?
– АИВ – инфекциясы жаатындагы мамлекеттик саясат көп сектордук мамилеге негизделген. КРнын Өкмөтү тарабынан 2006-жылдын 25-апрелиндеги №296 токтомунун негизинде бекитилген 2005-жылдын 13-августундагы №149 “ВИЧ/СПИД жөнүндө” КРнын мыйзамы жана КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-2026-жылдарга КР АИВ – инфекциясын жеңүү боюнча КРнын Министрлер Кабинетинин программасы иштелип чыкты. Бул программада адамдын иммунодефицит вирусунан (АИВ – инфекциясы) пайда болуучу өнөкөт ооруулардын жайылышынын алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын максаты, милдеттери жана негизги багыттары аныкталган. Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы каралууда. Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, административдик ведомстволоруна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу огандарына иш-чаралар планын аткаруу милдеттендирилген.
– Мамлекеттик саясатты координациялоо кимге жүктөлгөн?
– АИВ – инфекциясын жеңүү маселелери боюнча министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жарандык коом мекемелеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин координациялоону жана оптималдаштырууну күчөтүү үчүн КР Өкмөтүнө караштуу АИВ/СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча мамлекеттин координациялык кеңештин иши КР Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча коомдук координациялык кеңештин ишине интеграцияланган. Быйылкы жылдын июнь-август айларында республикалык СПИД борборунун кызматкерлери тарабынан бардык облустарда облусттук көп секторлордун координациялык комитеттери тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, Президенттин Талас облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жана башка облустарда жана райондордо ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн социалдык тармактар боюнча орун басарлары менен жолугушуп, жүргүзүлүп жаткан иштер жана медициналык мекемелерде ССМ буйруктарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүлдү. Алыскы Тогуз-Торо, Чоң-Алай райондоруна чейин барып консультативдик жардамдар көрсөтүлүп келинди. 30-сентябрда КР ССМ министрдин орун басары Б.К.Арыкбаеванын катышуусу менен Ысык-Көл облусттук мамлекеттик администрациясынын алдындагы СПИД, кургак учук, безгек оорулары боюнча көп секторлуу координациялык кеңештин кеңешмеси өткөрүлдү.
– ВИЧ жана СПИД терминдерин чечмелеп, айырмалап берсеңиз?
– ВИЧ – адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (КИЖВ), адам алгач ушул вирус менен жабыркайт. Вирус канда, спермада жана кан суюктуктарында аябагандай көп өлчөмдө болот, ал эми шилекейде, терде, заарада, көз жашта жана башка суюктуктарда аз өлчөмдө болот.
СПИД – кабылданган иммуннотартыштык синдрому (синдром-ооруларды белгилеринин комплекси) пайда болгон иммундук жетишсиз синдрому, бул оорунун акыркы терминалдык стадиясы.
– ВИЧ/СПИДке кимдер текшерилет?
– Текшерилүүнүн түрлөрү бар, булар:
1-милдеттүү медициналык текшерилүү, чет элдик атуулдар, донорлор, медициналык кызматкерлер.
2-ыктыярдуу, ден соолугуна кайдыгер карабаган инсандар өз ыктыяры менен барып, текшерилип турушат.
3-мажбурлоо түрү – тергөөчүнүн, прокурордун чечиминин негизинде жүр-гүзүлөт. КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругунун негизинде СПИД оорусуна текшерилүүгө көрсөткүчү бар континенттер текшерилет: наркомандар, туш келди жыныстык катнашка баргандар, венерикалык оорулуулар, боюнда бар аялдар, түрмөдө жана убактылуу кармоочу жайда жаткандар, кургак учук, онкологиялык, гепатит, өнөкөт оорулар менен ооруган чоң адамдар жана балдар, медициналык мекемелерде кырсык учуруна кабылган медициналык кызматкерлер, ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөр менен катнаш болгондор жана жогорудагы оорулардан каза болгондордун айланасындагы адамдар тапшырышат.
Медициналык кызматкерлер анализ алаардан мурда аңгемелешүү жүргүзүп (тестке чейинки) СПИД оорусу боюнча кеңири маалымат берип, “жыйынтык оң, же терс болушу мүмкүн” деп айтып, анын макулдугун алып, макулдук берүү бланкасына кол койдуруп, андан кийин анализ алынат. Анализ тапшырган адам кандай жыйынтык болбосун даяр болот. Жыйынтыгы чыккандан кийин кайра (тесттен кийинки) аңгемелешүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы угузулат. Эгер жыйынтык оң белги берсе тастыктоо үчүн Бишкек шаарына республикалык СПИД борборуна жиберилет, ал жерден ВИЧ – инфекциясын алып жүрүүчү деп аныкталса өзүн кандай алып жүрүү керектиги, жакындарын кандай сактоо керек экендиги туурасында маалыматтар берилет. Ал эми терс белги болсо 3 aйдан кийин кайра текшерилүү керектиги айтылат.
– Ооруну кандайча токтотууга болот жана кантип алдын алуу керек?
– Ооруну токтотуп калуунун бирден-бир куралы бул – маалымат. Элге тынбай маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзө берүү керек. Оорукана ичинде ВИЧ – инфекциясынын, сарык оорусунун «В», «С» түрлөрүнүн медициналык инструменттер аркылуу тарашынын алдын алуу максатында колдонулган инструменттердин туура жугушсуздандырылышына, жууп-тазаланышына, стерилизация болушуна жана донордун канынын жогорудагы инфекцияга текшерилбей куюлушуна, ВИЧ – инфекцияга текшерилүүгө көрсөткүчү бар контингенттердин толук текшерилүүсүнө катуу көзөмөл жүргүзүлөт.
Жогоруда айткандай СПИД оорусуна каршы күрөшүү бир гана медициналык кызматкерлердин жумушу эмес, жалпы коомчулук бирдикте иш алып барышыбыз зарыл. Облусттарда облустук мамлекеттик администрациясынын алдындагы ВИЧ, кургак учук жана безгек боюнча координациялык комитеттердин иштерин жандандыруу керек.
– Маанилүү маегиңиз үчүн Сизге чоң рахмат. Жоопкерчиликтүү зор иштериңизди ийгиликтер жылоолой берсин!
Биз жогоруда республикалык СПИД борборунун директору Чокморова Үмүткан Жусуповна менен учурда көйгөйлүү дарт менен күрөшүүдө кандай иш-чаралар жүрүп жаткандыгы туурасында маек курдук. Аталган борбордо ушул дарттын алдын алып сактануу үчүн мамлекетибиздин жарандары менен олуттуу, маанилүү аракеттер болуп жатканы коомчулугубузга маалым. Үмүткан айымдын ишине ийгиликтерди каалап, элибизди ушул дарттан сактоодо жалпы жамааты менен бирге опол-тоодой аракеттерди жасай бере тургандыктарына ишенебиз.
Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА