7-сентябрга карата аба ырайы

7-сентябрда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 23…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…18, күндүз 26…32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;

​Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23°.

Булак: «Кыргызгидромет»