ЖарнамаМаек

Нурдин КАГАЗДИЕВ: «Баа лимити сакталбаса – фармацевтикалык уюмдар жоопкерчиликке тартылат»

Кыргызстанда дары-дармек менен камсыз кылуу, алардын сапатын көзөмөлдөө, калкты ийкемдүү тейлөө маселелери ар качан актуалдуу болуп келген. Ошондуктан, ушул тармактын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгы, материалдык-техникалык базасынын замандын талабына жооп бере тургандыгы, кадрлардын компетенттүүлүгү маанилүү экени талашсыз. Ушундан улам, КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору Нурдин Кагаздиевди сөзгө тартып, тармактагы учурдагы абал тууралуу пикир алышканбыз.

– Нурдин Маратбекович, саламаттыкты сактоо тармагында бир топ реформалар жүрүүдө.  Сиз жетектеген департаменттин ишмердүүлүгүндө кандай өзгөрүүлөр болуп жатат? 

– Өлкөбүздө  фармацевтика тармагы өлкөнүн экономикасынын социалдык багыттагы эң маанилүү тармагы болуп саналат. Ошону менен бирге  калкты сапаттуу, коопсуз жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу учурдун талабы болуп турат. Биздин департаменттин милдетине баштагыдай эле дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу кирет.

Албетте, калктын саламаттыгын сактоо максатында Департамент тарабынан дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна системалуу көзөмөл жүргүзүлөт. Дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды каттоо жол-жоболору, дары-дармек каражаттарынын сапатына жана коопсуздугуна баа берүү үчүн атайын лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөрөбүз. Дары-дармек каражаттарын, фармацевтикалык иш­мердүүлүктү лицензиялоо, фармацевтикалык уюмдарды жана өндүрүштү текшерүү иштерин биздин департамент жүзөгө  ашырат.

– Дары-дармек менен камсыз кылууда жетишерлик мыйзамдык база барбы?

– Өлкөбүздө дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнү жөнгө салуучу зарыл ченемдик укуктук база бар. Бул дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын сапатын мамлекеттик контролдоо системасындагы негизги пункт болуп саналат. Бул багытта Башкармалык тарабынан колдонуудагы ченемдик-укуктук документтерди өркүндөтүү боюнча тынымсыз иштер жүргүзүлүүдө. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү негизги мыйзамдары күчүнө кирди: “Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” жана “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” бүгүнкү күндө 13 мыйзам алдындагы актылар аларды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан бекитилет; 7 мыйзам алдындагы актылар иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн ар кандай баскычтарында турат.

Белгилей кетсек, учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында чөйрөдөгү ченемдик укуктук база дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жүгүртүүсү кайра каралып жатат.

– Дары-дармек каражаттарын каттоо иштери кандай колго алынууда? Ошондой эле ушул тармакта иштеген ишкер чөйрө канчалык деңгээлде дары-дармек менен камсыз кыла алат?

– Дары-дармек каражаттарынын сапатын мамлекеттик контролдоо системасында дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды каттоо негизги орунду ээлейт. 2022-жылдын 1-октябрына карата республиканын аймагында 9442 аталыштагы фармацевтикалык продукциялар катталган, анын ичинен дары-дармек каражаттары – 6589, медициналык буюмдар – 2853.

30-22-сентябрга карата республикада 3638 фармацевтикалык уюм иштейт. Алардын ичинен 861 дарыкана, 2035 дарыкана пункттары, 212 дарыкана күркөлөрү, 37 саламаттык сактоо аптекасы, 324 дүң кампалар, 124 дарыкана кампалары 45 өндүрүштүк фармацевтикалык уюмдарга чектелген.

Фармацевтикалык ишмердүүлүк менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттердин эң көп саны Бишкек шаарында – 30,6%, Чүй облусунда – 12,4%, Жалал-Абад облусунда – 13,6%; Ош шаары – 11,5%, Ош облусу – 15,1%, Ысык-Көл облусу – 5,2%, Талас облусу – 2,5%, Баткен облусу – 7%, Нарын облусу – 2,2%.

Бүткүл республика боюнча дүң жана чекене дарыканалардын кеңири тармагынын болушу фармацевтикалык рыноктун толуусуна байланыштуу калктын дары-дармек каражаттарынын физикалык жеткиликтүүлүк маселесин чечет.

Дүң соода сектору негизинен дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды импорттоо жана дүңүнөн сатуу менен алектенген 324 чарба жүргүзүүчү субъекттерди камтыйт.

Өлкөнүн фармацевтикалык рыногун дары-дармек менен камсыздоо негизинен импорттун эсебинен ишке ашат, ал жалпы рыноктун 97%ын түзөт.

Учурда дарылар дүйнөнүн 47 өлкөсүнөн алынып келинет. Эгерде дары-дармек каражаттарынын импортунун структурасын нарктык мааниде карай турган болсок, анда эң көп көлөм дары-дармектерге туура келет: 15% – Германиянын, 8% – Түркиянын, 10% – Россиянын, 8% – Индиянын өндүрүшүнө туура келет.  Ошондой эле импорттун 3%ы Словениядан, 3%ы Франциядан, 3% жана 2% Венгрия, Украина жана Белоруссиядан келет. 

– Дары-дармектин сапатын аныктоодо лабораториялардын ролу маанилүү эмеспи. Материалдык-техникалык база талапка жооп береби?

– Департаменттин карамагында турган Борбордук контролдук-аналитикалык лаборатория ири бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат. Бул жерде  дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды физикалык, химиялык жана микробиологиялык сыноолорду жүргүзөт.

Ошондой эле БКЛ жана түштүк региондун контролдук аналитикалык лабораториясы дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү заманбап приборлор жана жабдуулар менен жабдылган.

– Департамент дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасы (ЭМБ) түзүү долбоорун ишке ашырып жатыптыр. Долбоордун максатына токтоло кетсеңиз?

– Аталган долбоордун   негизги максаты – дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар жөнүндө маалыматтарды пайдаланган маалыматтык системалардын натыйжалуулугун жогорулатуу. ЭМБдеги дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар жөнүндө маалыматтар эл аралык классификациялардын негизинде стандартташтырылган. Бул саламаттыкты сактоо тармагындагы түрдүү милдеттерди санариптештирүү үчүн колдонула турган маалыматтарды унификациялоону камсыз кылат: пациенттин медициналык китепчесине дары-дармектерди жазып берүү жана рецепттерди берүү, дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга жеңилдиктерди берүү (комплекттик система), чекене дарыкана тармагында дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды берүү боюнча мамлекеттик сатып алуулар жана дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатууну фискалдаштыруу; өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейин дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды маркировкалоо жана көзөмөлдөө системасы жана башкалар.

Бүтүндөй алганда, ЭМБны киргизүү мамлекеттик жөнгө салуучу катары өлкөдөгү дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жүгүртүү чөйрөсүнө эффективдүү көзөмөл жүргүзүү үчүн чоң потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Учурда «Кыргыз Республикасынын Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук базасы» маалыматтык системасы жөнүндө жобо иштелип чыгып, бекитилди.

Учурда ЭБДнын биринчи этабы ишке ашырылды. Иш Түркия үчүн ушундай системаны иштеп чыккан «TCHealthInformationTechnology» түрк компаниясы тарабынан жүргүзүлүп, долбоор Дүйнөлүк банктын эсебинен жүзөгө ашты. Дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын эл аралык маалымдамалары жана классификаторлору иштелип чыкты. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар порталы менен шайкеш келтирилди.

Экинчи этап – Биринчи этаптын маалымдамаларын жана классификаторлорун тез арада толтуруу үчүн Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин бардык процесстерин жана процедураларын санариптештирүү, Саламаттыкты сактоо министрлигинин уюмдарында инвентаризацияны көзөмөлдөө, ошондой эле калк үчүн мобилдик тиркеме түзүү.

ЭМБдин экинчи этабын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга байкоо жүргүзүү системасын ишке ашырууга каражаттар бөлүнгөн.

2022-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен түркиялык «TCHealthInformation Technology» ком­пания-сынын ортосунда ЭМБнын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча келишим түзүлдү. Түркиянын “TCHealthInformation Technology” компаниясынын адистери келишимдик милдеттенмелерди атка-рууга киришти.

– COVID-19 жугуштуу оорусу күч алган учурда дары-дармекке болгон баалар көтө-рүлүп, өзүнчө эле башаламандык жаралды. Дары-дар-мек менен камсыз кылууда бааны туруктуу кармап турууга мүмкүнчүлүктөр жетиштүүбү?

– Өлкөбүз эгемендүүлүк алган күндөн тартып дары-дармектердин баасын жөнгө салуу биринчи жолу 2019-жылдын мартында күчүнө кирген “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген. Бул ченемдерди аткаруу максатында фармацевтика тармагында бааларды жөнгө салуу саясатын ишке ашыруунун дүйнөлүк тажрыйбасын изилдөөнүн, ведомстволор аралык талкуулардын жана бир катар тегерек үстөлдөрдүн жыйынтыктарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы №579 “Дары-дармек каражаттарына баалардын убактылуу жобосун бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген баа түзүүнү жөнгө салуунун механизми иштелип чыккан.

Бааны жөнгө салуунун бул механизми убактылуу жана пилоттук болуп саналат. Ал дары-дармек каражаттарынын эки категориясы менен бааларды жөнгө салууну баштоону камтыйт.

Биринчиси, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасынын жана Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында орду толтурулган Эл аралык патенттик эмес аталыштагы 56 дары-дармек каражаттары.

Экинчиси,  коронавирус инфекциясын (COVID-19) дарылоо үчүн колдонулган Эл аралык патенттик эмес аталыштагы 69 дары-дармектери.

Бекитилген нормага ылайык, амбулаториялык деңгээлде Кошумча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы (ММК) жана Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (МГП) алкагында компенсацияланган 56 эл аралык патенттик эмес аталыштагы (300дөн ашык фирмалык аталыштар) баалар жөнгө салынууга
тийиш.

Департамент Эрежеге ылайык, Кыргызстандын дарыканаларында дары-дармекти сатууга тыюу салынган максималдуу дүң жана чекене бааларды белгилейт. Белгиленген дүң жана чекене баалардын лимиттери сакталбаган учурда фармацевтикалык уюмдар жоопкерчиликке тартылат. Убактылуу эрежелердин 33-пунктуна ылайык мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын текшерүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ушул Убактылуу эрежелердин талаптарынын сакталышын текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

Катталган, чектүү дүң жана чекене баалар боюнча маалыматтар департаменттин сайтында (http://www.pharm.kg/ru/price_regulation/) жайгаштырылган.

Бааларды жөнгө салууну киргизүүнүн негизги милдети мамлекет тарабынан саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн финансылык ресурстарды сарамжалдуу жана эффективдүү пайдалануу, ошондой эле жарандардын дары-дармек сатып алуудагы чыгымдарын азайтуу экендигин белгилегим келет.

Бул категориялар боюнча апробациянын жыйынтыгы боюнча бааларды жөнгө салуу механизми өркүндөтүлөт жана бара-бара EDL&MIге жайылтылат.

Бүгүнкү күндө дары-дармек каражаттарына баа түзүү механизми сыноодон өтүп жаткандыктан, жөнгө салынуучу дары каражаттарынын чектелген тизмеси колдонулат. Бааларды жөнгө салууну киргизүүнүн оң таасиринин натыйжасында келечекте мамлекет тарабынан саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттардын эффективдүү пайдаланылышына, ошондой эле дары-дармек каражаттарынын тизмесин кеңейтүү пландаштырылууда.

– Дары-дармектерди көчөдө саткан учурлар кездешет. Мындай көрүнүш адамдардын ден соолугу үчүн коооптуу. Ал дары-дармектер деле кимдир бирөө аркылуу алып келинет да. Буга кандай чара көрөсүздөр?

– Бул көйгөй бүгүн эле жарала калган жок. Дары-дармек сатуу боюнча мыйзамсыз аракеттерге тиешелүү укук коргоочу мамлекеттик уюмдар менен бирге көзөмөл жүргүзгөнүбүз менен натыйжа жакшы болбой келгенин моюнга алышыбыз керек. Мындай көрүнүштү жок кылуунун бирден бир жолу – тармакты толугу менен санариптештиришибиз  керек.

Буюрса бул  система 2023-жылдан баштап  кеңири масштабда иштей баштайт. Бул ошондой эле өндүрүүчүлөрдү дары-дармектерди маркировкалоого даярдоосуна жана дарыканалардын жана ооруканалардын QR коддорун окуу үчүн зарыл болгон жабдуулар менен камсыз кылууну талап кылып жатабыз.  Маселен, Түркияда дарыгер жазып берген дары-дармектер 90 пайызга чейин мамлекет тарабынан төлөнүп жаткандыктан система толук кандуу иштеп жатат. Эгер сиз кодду көчүрүп албасаңыз, анда сиз акча албайсыз. Кыргызстандагы фармацевттер сатылган товарлардын баарын талапка жооп бере тургандай кылышабы? Бул ачык суроо. Анткени, алар үчүн бул убаракерчилиги көп  кошумча жумуш болуп калышы мүмкүн. Бирок, биз мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерди талап кылабыз.

Шекербек КАЛЫКОВ

0 Поделились