Ийгиликтин формуласы – келечекке көз салуу

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына – өткөн жылдын май айынан Нуржан Ракимовна Иманкулова жетекчи болгондон баштап китепканада кыймыл киргендей болду. Ар кандай тематикалар боюнча чет өлкөнүн ири китепканалары менен онлайндык байланышуулар жүрүп, Нуржан Ракимовна жана китепкана кызматкерлери активдүү катышты. Алардын айрымдарын атап өтөлү.

Нуржан Иманкулова

«Мемориалдык эскерүү. Согуш жана адабият» эл аралык семинардын ишине катышып, семинар онлайн видеоберүү форматында өттү. «Даниил Граниндин мурасын сактоо жана популяризациялоо фонду», Даниил Гранин атындагы № 9 китепкана, Санкт-Петербург мамлекеттик бюджеттик мекемесинин Невская борбордук китепканасы семинардын уюштуруучулары болушту.

Нуржан Ракимовна Россиянын федералдык жана борбордук аймактык китепканаларынын жетекчилеринин жылдык жолугушуусуна онлайн аркылуу катышып, кайрылуу жасады. Жыйында «Россия Федерациясында 2030-жылга чейин китепкана ишин өнүктүрүү стратегиясы. Ишке ашыруу механизмдери» аттуу негизги тема каралды.

«Евразиянын китепканалык ассамблеясы» (БАЕ) коммерциялык эмес өнөктөштүгүнүн мүчөлөрүнүн XXV жалпы чогулушунун жыйынына Нуржан Ракимовна катышты. Иш-чара Zoom конференция форматында өттү.

Жолугушуунун катышуучулары БАЭнин 2021-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча дирекциясынын отчетун угушту, ошондой эле биргелешкен демилгелерди жана 2022–2023-жылдарга перспективалык пландарды талкуулашты. Жыйында 2021-жылдын декабрынан 2025-жылдын декабрына чейин иштөөчү БАЭ Башкармалыгына шайлоо өттү.

Россиянын М.И.Рудомино атындагы чет элдик адабияттар китепканасы тарабынан уюштурулган «КМШ өлкөлөрүнүн жана чек ара аймактарынын китепкана диалогу» жана ошондой эле «Санариптик доордо улуттук китепканалар» онлайн конференцияларына катышты.

2022-жылдын 6-апрелинде «КМШ өлкөлөрүнүн улуттук китепканаларынын илимий-изилдөө ишмердүүлүгү: интеграциянын келечеги» аттуу Эл аралык тегерек столго катышып, «Заманбаптык аспектинде Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы рекомендациялык маалыматтык-библиографиялык ресурстар» деген темада презентация жасады. Кыскача айтканда, китепканада маданий, чарбалык иштерди жөнгө салуу менен, актуалдуу онлайндык иш-чараларга Улуттук китепкананын бөлүмдөрү, кызматкерлери конкреттүү темаларда катышты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында онлайн окутуулар болуп өттү. «ЭйВиДи-систем», «ЭйВиДи» ЖЧКсынын колдоосу менен, ЭБНИТ Ассоциациясынын (Россия) «ИРБИС – 64+» программасынын алкагында жайкы мезгилде 5-июлдан 30-августка чейин онлайн окууга 33 кызматкер катышса, 23-сентябрдан тарта 40 кызматкер курстарга жазылышып, окуп бүтүштү.

Сейрек кездешүүчү жана баалуу басылмалар фондунун  жаш кызматкери сентябрь айында онлайн форматтагы Эл аралык «Китепканалардын фонддорундагы жеке адамдардын  китеп жыйындылары жана архивдери» аттуу  илимий-практикалык конференцияга катышып, «Өткөнгө көз караш. Кыргызстандын китеп мурастарынын жеке китепканаларындагы экслибристер» аттуу доклад жасады.

Отуздан ашык китепкана кызматкерлери чет өлкөлөргө командировкаларга барып, КМШ өлкөлөрүнүн китепканалары тарабынан уюштурулган конференция, семинар, стажировка, тренинг-жолугушууларга активдүү катышып келишти.

Россия Федерациясына, Өзбек-станга, Арменияга, Азербайжанга жана башка өлкөлөргө барышып, максаттуу иш-чараларга катышып келүүдө. Мисалы, Баку (Азербайжан) шаарында жыл сайын өтүүчү Эл аралык көргөзмө-ярмаркасына катышуунун эң негизги максаты – кыргыз китептерин жайылтуу, дүйнөлүк жогорку сапаттуу басма продукциялары менен таанышуу болуп саналат.

Июль айында Нуржан Ракимовна RFID моделдик автоматташтырылган китепкана жабдуусу менен таанышуу жана аны жайылтуу боюнча тажрыйба алмашуу максатында Самарканд (Өзбекстан) маалыматтык-китепканалык борборуна барып келди. Мындай алдыңкы технологиянын биздин китепканага да келишин келечектен күтөбүз.

2022-жылдын 15-16-сентябрында Минск шаарында Беларусь Улуттук китепканасынын уюшулгандыгынын 100 жылдыгына арналган IX Эл аралык конгресси болуп өттү. Бул иш-чарага менин катышканыма абдан кубанычтамын, китепкана жамаатына жана жетекчиге ыраазымын.

Бул Эл аралык конгрессти Беларусь Республикасынын маданият министрлиги, Беларусь Улуттук китепканасы, Евразия китепканалар ассамблеясы жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык фонду уюштурду.

Эл аралык конгресстин салтанаттуу ачылышы болуп, «Китепкана маданияттын феномени» аттуу эң негизги темада доклад окулду жана конгресс­ке катышкан ар бир республиканын улуттук китепканаларынан келген китепкана ишмерлери – Беларусь Улуттук китепканасынын 100 жылдык юбилейин куттуктоо менен бирге доклад окушту.

Конгресстин «Коомдук санариптик трансформация доорунда китепканалар», «Китепканалардын ишмердүүлүгүн нормативдик-укуктук жана кадрдык камсыздоо», «Илим, билим жана маданият үчүн маалыматтык ресурстар жана кызматтар» аттуу темада – үч секцияда докладдар окулду. Конгрессте бир канча пленардык отурумдар болду.

Беларусь Улуттук китепканасынын имаратында Улуттук китепкана тарыхынын музейинде коюлган – эң мыкты басылмалар, сейрек жана өзгөчө баалуу китептер, шериктеш мамлекеттерден келген белектер, электрондук маалымат ресурстары жана сервистер көргөзмөсү бар.

Россия мамлекеттик китепканасынын башкы директору, ЕКАнын президенти «Евразия алтын коллекциясы»: жаңы мамиле долбооруна катышууну жана Ч.Айтматовдун чыгармаларын бул долбоорго кошууну сунуштады.

2022-2026-жылдарга Евразия китепканалар Ассамблеясын өнүктүрүүнүн келечектүү планы кабыл алынды жана башка маселелер талкууланды.

Эл аралык иш-чараларга катышуу биздин китепкана кызматкерлерине профессионалдык тажрыйба алмашуу, түрдүү өлкөлөрдөн келген кесиптештер менен байланыш түзүү, маалымат ресурстарын илгерилетүү боюнча биргелешкен долбоорлорду пландаштыруу үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Алдыңкы китепканалардын кесиптештери менен жолугушуулар кесиптик жана жеке байланыштарды чыңдайт, кесиптик горизонтторду кеңейтет.

14-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өткөн интеллектуалдардын эл аралык жаштар форумуна бир китепкана кызматкери катышты. Иш-чара Кытай, Венгрия, Түркия, Россия, Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстандын чыгармачыл делегацияларынын катышуусунда өттү. Форум КМШ өлкөлөрүнүн элдик чыгармачылык жана маданий мурас жылына арналды. Форумда КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык, илимий жана маданий кызматташтыктын ар түрдүү тармактарында өнүгүүсүнүн негизги ресурсу катары жаштар саясатынын келечеги жана милдеттери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын илимий-усулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын, Сокулук жана Аламүдүн райондорунун борбордук китепканалар тармагынын китепканачыларына, Чүй облустук китепканасына, жогорку окуу жайлардын китепканаларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын кызматкерлерине автордук укук маселелери боюнча тренинг уюштурду. Тренингди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин жетектөөчү адистери өткөрүштү. Ошондой эле жергебиздин аймактык китепканалары менен чогуу семинар, конференциялар өткөрүлдү.

Улуттук китепкананын кызматкерлери Баткен аймактык китепканасы боюнча бир канча жолу иш сапарга жөнөтүлүп, китепкана иши менен таанышуу, квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу иштери жана башка көптөгөн иштер жасалды.

Н.Иманкулова конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга, эл аралык китепкана коомчулугу менен тыгыз кызматташууга аракеттенүүдө.

Нуржан Ракимовна Иманкулова кыска мөөнөттүн ичинде китепкананын кызматкерлерин иш сапарларга жиберип, окуу, семинар, конференцияларга катыштырып, квалифика-циялык жактан өсүшүнө зор камкордук көрүүдө.

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкана жетекчисине ыраазычылык айтуу менен бирге, китепкана кызматкерлери окурмандарды жогорку деңгээлде тейлеп, аларды китепканага келүүгө жана китепти сүйүп, окууга үндөшүбүз керек.

Байкал МАМБЕТОВА, Алыкул Осмонов атындагы КРнын Улуттук китепканасынын Редакция-басма жана музей иштери бөлүмүнүн башчысы

0 Поделились