«Достук» бекетти ачылды

Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян облустарынын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан, 2010-жылдагы окуялардан кийин өтүү катаалдаган “Достук” өткөрмө бекетинен чектөөлөр алынды.

Кечээ бекетте расмий иш-чара өтүп, ага Кыргызстандын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев, Жогорку Кеңеш депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

6-сентябрдан тартып, «Достук» чек ара бекети 24 саат бою иштөөсүн жандантат. Кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлө турганын вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Ошондой эое ал бул нерсе 5-6-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусунун натыйжасы болгонун баса белгиледи.