Беш жаштагы кызды зордуктоо аракети боюнча кылмыш иши козголду

Таласта беш жаштагы кызды зордуктоо аракети боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бакай-Ата районунун прокурору Замирбек Жумабековго шилтеме жасап, «Азаттыка» билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 29-августтунда Бакай-Ата айылынын тургуну беш жаштагы кызын өзү тааныган 30 жаштагы адам зордуктоого аракет кылганын айтып, арыз менен кайрылган. Бул боюнча ошол эле күнү кылмыш жаза кодексинин 29-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатканы белгилүү болду.