Төкмө акын Идрис Айитбаев унаа жана батир белекке алат

Төкмө акыны Идрис Айитбаевге Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиеев эки элдин ынтымагына кошкон салымы үчүн «Мalibu» автоунаасы жана Өзбекстандан бир үй белек кылууну убада кылды. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат катчысы Талант Канатбек уулу өзүнүн интернет баракчасына жазды.

«Бул жаңылыкты Анжиян облусунун хокими Шухрат Абдурахмонов бүгүн чек ара постунун ачылышында айтып өттү. Идрис ажым, өткөндө Анжиянда «Янги Малибу билан юрарман» деп ырдадың эле, Аллахым өзү минтип эле берип коет. Кут болсун жорго менен жаңы конуш”,-деп айтылат маалыматта.