Сапар Исаков ант берди

Жаңы дайындалган премьер-министр Сапар Исаков бүгүн Жогорку Кеңеште ант берди. Бул Жогорку Кеңештин жыйынына президент Алмазбек Атамбаев да катышууда. Алгачкы болуп ант берүүнү премьер-министр Сапар Исаков баштап, калган өкмөт мүчөлөрү кезеги менен ант беришүүдө.