ЖаңылыктарТуризм

Кыргызстан кышкы туризм боюнча алдыңкы үчтүккө кирди

ТурСтат порталынын маалыматына ылайык, Кыргызстан кышкы эс алуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы үчтүгүнө кирди.

Маалыматка караганда, рейтингди түзүүдө өлкөлөрдүн туристтер арасындагы популярдуулугу жана туризм инфраструктурасынын өнүккөнү эске алынган.

«Кыргызстанда кышкысын туристтерди Бишкек жана Каракол шаарлары, Караколдогу тоо-лыжа курорту, Бишкекке жакын жайгашкан лыжа базалары жана Ысык-Көл кызыктырат», – деп жазылган маалыматта.

КМШнын кышкы туризм боюнча популярдуу жана жагымдуу өлкөлөрүнүн рейтингинде алдыңкы бештикке Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Армения кирген.

0 Поделились