КМДБ Мьянмадагы окуя боюнча үн катты

Мьянмада мусулман коомчулугуна карата түзүлгөн кырдаал, адам укуктарынын бузулушу өтө чоң зулумдук. Мьянмадагы кырдаалды тез арада дүйнөлүк деңгээлдеги адам укугун коргогон ири уюмдар чечүүлөрү зарыл. Кырдаал курчуй берсе диндер, улуттар аралык, мамлекеттер ортосундагы жаңжалдашууну, пикир келишпестикти пайда кылуусу мүмкүн. Мындай билдирүүнү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан таратышты.

Анда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Мьянмадагы кырдаалга тынчыздануусун билдирет жана тараптарды бир пикирге келип, абалды тынчтык, сабырдуулук, адилеттүүлүк жолу менен чечүүгө чакырык жасайт.

Ыйык Курани Каримдин Маида сүрөсүнүн 32 аятында: «Ким акысыз адам өлтүрүп, же жер жүзүнө бузукулук таратса, анда ал бардык адамдарды өлтүргөнгө тете. Ал эми кимде-ким адам өмүрүн сактаса, ал бардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете»,-деп айтылат.

Ыйык Куранда айтылган бул сөздөргө негиз кылып, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши кыргыз элин өз пикирин тынчтык жолу менен билдирүүгө, мусулмандардын жана бүт ааламдын тынчтыгын тилеп дуба кылууга чакырат. Дүйнө элинин тынчтыгы ар бир инсан үчүн маанилүү экени айтылган билдирүүдө.

Ошондой эле эртең 8-сентябрда өлкөнү баардык мечиттеринде Мьянмада каза болгондорго багышталып куран окула турганы маалымдалды.