Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын төрагалыгына сунушталууда

Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматовдун талапкерлиги сунушталып жатканын президенттик аппараттан билдиришти.

Эскерте кетсек, Улуттук банктын буга чейинки төрагасы Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер болуп дайындалганына байланыштуу бул жумуштан өз арызы менен бошогон болчу. Ал эми Кулматов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келген.

Мыйзамга ылайык, башкы банктын жетекчисин президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш шайлайт.