Төрага Чыныбай Турсунбеков ардагерди куттуктады
Ардагердин ал-акыбалынан кабар алган Чыныбай Турсунбеков: «Азыркы жыргал турмуш сиздей апаларыбыздын кан майдандагы көрсөткөн эрдигинин жемиши, талыкпаган каармандыгыңыздардын мөмөсү», — деген пикирин билдирди.
Андан тышкары, «Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери мамлекет тарабынан толук камкоордукка алынышы зарыл» — деген төрага, Мария Кирсанованын саламаттыгынан аймактык дарыгерлер тынымсыз кабар алып, үйүнөн көзөмөл кылып турушу керектигин эскертти. Бул үчүн зарыл болгон бардык шарттар каралаарын кошумчалады.
Ошондой эле төрага парламент депутаттарынын атынан ардагерди майрамы менен куттуктап, жеке өзүнүн фондунан материалдык жардам көрсөттү.
Белгилей кетсек, Согуштун катышуучусу Мария Кирсанова 1954-жылдан 1988-жылга чейин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Иш башкармалыгында консультант болуп эмгектенген.