Максат ЖЭЭНАЛИЕВ: “Тоо-кен тармагындагы реформа колдоого аларлык”
–Максат Субанбекович, жакында Президент Садыр Жапаров тоо-кен тармагында казылып алынган рудаларды чет өлкөлөргө алып чы-гууга убактылуу тыюу салган Жарлык чыгарды. Мындан улам концентраттарды чет өлкөдө иштеткен компаниялардын ишмердиги токтосо керек. Сиздер кантип жатасыздар?
–Бул Жарлыкты айрымдар учурунда чыкты дешүүдө, мен кеч чыкты дээр элем. Жок эле дегенде 2010-жылдары чыкканда жакшы болмок. Себеби, “Кайди”, “Терексай”, “Бозумчак” фабрикаларынан аз-аздан алтын концентраттары чыгарылып аткан эле. Мен “Терексай” алтын флотоконцентратын чет өлкөгө чыгарбай, өзүндө иштетүүгө аракет кылып, 2009-жылы Түштүк Кореяга Чудиновдун буйругу менен барып, фабриканы модернизациялап, реконструкциялап доре алууга ин-весторлор менен алгач 2,0 млн. $ га токтом түзүп келген элем. ЦАРИнин орун басары А. Елисеев менен “тил табыша албай” декабрь айында арызым менен кетүүгө мажбур болгом. Жумуштан кеткенден кийин ал иш токтоп калды.
2010-жылдарда ЖКда бул көйгөй айтылганы менен майдаланган бай алтын рудалар, флото жана гравитациялык алтыны бар концентраттар сыртка чыгып жатты. Билишсе да, өзгөчө ошол кездеги премьерлер бул маселени көңүл сыртында калтырышты. Мисалга алсак, 2014-2015-жылдарда “Талды-Булактын” сол жээги алтын кенин (Орловка шаарына жакын) иштетүү боюнча “Кыргызалтын” ААК менен биргеликте “Алтынкен” БИсы иштей баштаган. Биргелешкен АЫФ “Алтынкендин” 40 пайызы “Кыргызалтын” мамишканасына, кытайлык инвесторго 60 пайызы карайт. Долбоор боюнча булар алтын доресин чыгарыш керек эле. Кендин курамында жез ж.б. металлдар көп экен дешип, 2015-жылы Т.Сариевдин премьерлиги тушунда флотоконцентрат чыгара турган болуп лента кесилип ачылды.
Учурунда доре чыгара турган компания башка варианттарды карабастан концентрат чыгара турган болгонуна бийлик көңүл да бурган жок. Ошентип, чет өлкөгө, кийинчерээк Казакстанга концентрат чыгарылып жатты. “Кыргызалтын”ААКнын үлүшү болгон соң ишкананын макулдугу менен ведомстволор аралык тиешелүү мекемелердин курамында бул долбоор кайра каралып, андан кийин өзгөртүлүп, тармактык комитетте бекитилиш керек эле. “Кыргызалтын” мамишканасынын жетекчиси А.Алымбеков өзүбүздө иштетебиз деген маселени койсо болмок. (Ал юрист болчу).
–Айтканыңызга караганда өз алдынча толук өндүрүштүк бир циклде ишмердигин жүргүзгөн “Кумтөр” менен “Макмалалтынды” эске албаганда, өзүбүздө концентрат иштеткен комбинаттар жок экен. Эми кантүү керек?
– Концентрат иштете турган бир комбинатты ачуу менен маселе чечилип кетпейт. Себеби, руданын курамында жез, күмүш, молибден, мышьяк, сера ж.б. элементтер кездешет. Ошондуктан, рудалардын минералдык курамына жараша кеминде эки-үч комбинат керек болот. Мышьяк, сера аралашкан алтын кендер үчүн, алтындын курамы бар сейрек кездешүүчү кендер үчүн, алтын менен күмүш басымдуу болгон кендер үчүн дегендей.
Биз учурдагы долбоорубузда курамында алтыны бар, сейрек кендерге аралашып атабыз. Себеби, түрктөр “Кыргызалтын” менен биргелешкен “Эти Бакыр” компаниясы “Терексай” алтын кенин байытуу менен доре алуу үчүн комбинат куруп атышканы белгилүү. Эске салсак, биз 2014-2015-жылдары “Куранды Девелопинг” кенди байытуучу мобилдик фабриканы бир жылча практикалап, ар кандай тоскоолдуктардан кийин “Кара-Балта” комбинатынан кетип, Орловка шаарындагы КХМЗ заводунун территориясында алтын кенди байытуучу чакан фабрика куруп иштетип калдык. Ал эми алтын жана курамында алтыны бар сейрек кездешүүчү концентраттарды (сера, мышьяк болбогон) иштетүү үчүн “Макмалалтындын” базасында комбинат курууну ойлондум. Ал жерде коммуникация жакшы, мындан сырткары Түндүк-Түштүк жолу ачылып калса концентраттарды тартып келгенге да ыңгайлуу болмок. Мындан сырткары “Макмал” кенинин кору түгөндү, комбинат токтойт деген маалыматтан улам жумуш орундарын сактап калууну пландаштырдым. Тогуз-Тородо “Кылдоодон” башка майда чала изилденген алтын кендери да бар эмеспи. Ушул үч башкы аргументтин негизинде инвесторду көндүрдүм. Жумуш 2016-жылы башталды, бирок Тогуз-Тородо алтындуу концентраттардан доре чыгарууда цианид колдонбой турган технологиялуу заводдун 70 пайызы курулуп калганда “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси “ыраазычылык” бербедиңер деген таризде “мышьяктуу концентраттар иштетилет” деген чагымчыл аракеттери менен элди дүрбөтүп өрттөп жиберишти.
–Кыргызстан кен байлыктарга бай. Ошондой болсо да тышкы карызыбыз асман чапчыйт. Бул карызды тоо-кен тармагынан түшкөн кирешенин эсебинен жаба алабызбы?
–“Кумтөрдү” айтпаганда дагы буга чейин алтын концентраттарды сыртка чыгарууну токтотуп, өзүбүздө жок дегенде көмүр кендеринен башка, жети облуста бир-экиден орто деңгээлдеги тоо-кен комбинаттарын куруп иштетсек тышкы карызды жабууга болоор эле. Андыктан, тоо-кен тармагынын өнүгүшүнүн стратегиясын иштеп чыгып, ошого карата мыйзамды иш жүзүндөгү абалды эске алуу менен түзүш керек. Концентраттарды чет өлкөдө иштеткендер абдан кызыкдар, себеби бар да. Мисалы, жылына бир жолу аффинажда алынган алтынды коштоп жүргөн сейрек металлдар топтолуп, тийиштүү өлкөгө сатылып пайда берип келет. Ал жакта концентраттардын канча пайызы алтын болуп чыгып жатканын ачыкташпайт, бул өндүрүш ювелирдик мамилени талап кылат. Ошондуктан, концентраттарды өзүбүздө чыгарып, Президент жарыялагандай Кара-Балтадагы заводдун базасындабы, башка жердеби доре алып, аффинаждык заводго берсе, андан дүйнөлүк стандарттагы алтын чыгат. Аффинаждык заводдон чыккан алтынды Лондондогу алтын биржасы (ЛБМ) тааныйт, текшерилбестен сатылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
–Тоо-кен тармагында жасалып жаткан реформага көз карашыңыз кандай?
–“Кумтөр” долбоору “афера века“ деген ат менен таанылган эле, акыры элибизге тийди, эми “19 тонна каякка кетти” дешти эле, бул боюнча маалымат берилди. “Кумтөрдөн” түшкөн кирешенин баары Улуттук банкка түшөөрү анык эле, бул маселе боюнча отчетун берди. Бузукулар, көралбастар кыйкым иштерин жасап келишүүдө. Жыл башынан тартып 6-7 айдай инфляция болду. Доллардын куну кымбаттаганда банктарга интервенция жасалды. Мындан сырткары мугалимдердин, аскерлердин, дарыгерлердин жалпы эле мамлекеттик кызматкерлердин эмгек маяналары күтүлбөгөндөй көтөрүлүп, дүйнөлүк кымбатчылык “чабуулду” ооздуктап жатат.
Ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн көлөмү да жогорулады. Мектептер, ички жана шаар аралык жолдор, ички темир жол курулуштар, өнөр жайдагы, аскердик багыттагы курулуштарга асмандан каражат түшкөн жок. Аны баарыбыз эле көрүп жатпайбызбы. Биз жасаганды жасады, кыйынды кыйын деп айтканга үйрөнүшүбүз керек.
Садыр Жапаров келгени тоо-кен тармагы эл, өлкө үчүн иштеп баштады десем жаңылбайм. Президенттин бул тармакта жүргүзүп жаткан реформасын колдойм, сунуштарымды да берип келем. Анткени, “Кумтөрдү” айтпаганда чет элге чыгып жаткан концентраттарга тыюу салуу колго алына баштады, ички же сырткы инвестор экендигине карабай, ар бир алтын иштеткен компания кирешесинин 30 пайызын Кыргызстанга калтыруу милдеттендирилди, стратегиялык кендер жергиликтүү ишканалар аркылуу ишке ашырылаары киргизилүүдө, конкурстук, аукциондук жолдор принциптүү жүргүзүлөөрү бекитилди.
Мурда лицензияны алган инвесторлор өз билгениндей кенди иштетпей кармап жүрө беришчү. Алар лицензияны кармагандыгы үчүн ээлеген аянтка карата ставка 6 эсе болсо, азыр 30 эсе акча төлөшөт. Мына буга чейинки президенттер ушундай кадамга барса болот беле, албетте болмок. А бизде Акаев баштаган президенттер чет өлкөлөрдө өзүлөрүнүн бизнесин жүргүзүп башташпады беле…
–“Сары-Жаз” кенинде жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолсоңуз. Буга чейин, дегеле Кыргызстанда вольфрам, коргошун чыгарылчу беле?
–2006-жылы бул кенди конкурстун негизинде “Сары-Жаз майнинг” компаниясы алган экен. Ага чейин союздун учурунда Кыргызстанда вольфрам менен коргошунду чыгаруу аракети болгон эле. Бул кен союздук республикалардын арасында кенинин кору боюнча үчүнчү орунда турат. Бирок, СССРдин ал долбоору союз тараган учурга туш келип калып, токтоп калат. Кийин “Макмалалтын” тоо-кен комбинатынын эсебинен “Сары-Жазда” инфраструктура жаңыланып, 5 кабаттуу үйлөрдөн тартып бала бакча, мектеп, чакан аэропортко чейин курулуп баштайт. Эгемендүүлүк мезгилинде кен колдон-колго өтүп отурат.
2006-жылы “Кыргызалтындан”алып, кенди иштетүү үчүн казактарга берет. А кезде Ф.Кулов премьер-министр эле. Эмне үчүн берилип кеткенин билбей калганбыз. Негедир 2008-жылы кайрадан конкурска коюлуп, “Сары-Жаз минерал майнинг” компаниясы конкурстан утуп алат. Ошондон бери эмне үчүн иштетилген эмес деген жүйөлүү суроо туулат. Узак жылдар бою курулуп бүтпөгөнүнүн себеби, ортоңку звенодогу чиновниктер мыйзамсыз эле бут тосуп, жогорку бийлик көңүл бурган эмес.
2014-жылы бул компания кыргыз тараптан мени алгач кеңешчи, андан соң жетекчи кылышты. Кытай инвесторун мен таап келген элем. Долбоор жана уруксат берген документтер 2012-жылы толук бекитилип, экологиядан тартып, тиешелүү мекемелердин эксперттик бүтүмү чыгыптыр. Конкурстун шарты боюнча электр энергиясын кыргыз тарап бериш керек экен. Бирок, Кыргызстан электр энергиясын бербей койгон. Бул маселе боюнча кирбеген эшигибиз калган жок. 2017-жылы араң дегенде энергетика маселесин чечтик. Комбинатка 24 мегабайт керектелсе, биз 7 мегабайтын гана алдык. Ар кандай ыкмалар менен инвесторлорду ишендирип долбоор боюнча жумуш баштасак, 2017-жылдан 2022-жылга чейин экология мекемелери бут тосушуп, ошентип ушул убакка келдик. Баарысы эле пайда өндүргүсү келишет. Башкы прокурор К.Зулушевдин көзөмөлү аркылуу бул маселе да чечилди. Эми комбинаттын биринчи кезегин эксплуатацияга бергени турабыз. Өкүнүчтүүсү түздөн-түз 10 жылдан ашык долбоор айрым чиновниктердин кесепетинен ишке ашпай келди.
–Тогуз-Тородо өрттөлүп кеткен завод боюнча козголгон кылмыш ишинин жыйынтыгы кандай болду?
–Бул айбанчылык менен өрттөлгөн фабрика боюнча кылмыш ишти буга чейинки С.Исаков жана М.Абылгазиевдин тушунда “уюштуруучу” болгон “Кыргызалтындын” ошондогу жетекчиси А.Алымбековдун чакан командасы иштин ачылбашы тууралуу кам көрүп коюптур. Абылгазиев премьер болгондо “инвестор кайра иштесин, биз чечебиз, күнөөлүүлөр жоопко тартылат” деп, ишти Бороновго тапшырды эле. 2020-жылдын күз айларында К.Зулушовдун кабыл алуусунда болгондо “иш козголгон, инвестор күтүп жүрөт” деген элем. Териштирген учурда иш буга чейин эле жабылып калган экен.
Мен кайрылгандан кийин К.Зулушов кайрадан кылмыш ишин ачып, азыр ИИМдин тергөө башкармалыгы териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Эгер ошол завод өрттөнбөй курулуп калганда, андан биринчи жылы 2,5 тонна алтын чыкмак, бара-бара ал көрсөткүч эселеп көбөймөк эле жана концентраттар чет өлкөгө кетпей, ал заводдон доре чыгып калмак. Кен казган бир-эки ишканалар менен да концентраттарды иштетүү боюнча алдын-ала макулдашуулар болгон эле…
Вера БЕДЕЛБЕК