Аксыда тургундар менен молдолордун чатагын милиция териштирүүдө

Аксы районунун Итагар айылындагы жергиликтүү тургундар менен молдолордун ортосунда  чыр чыкканы белгилүү болгон. Бул тууралуу «Акипресс» маалымат агентиги жазып чыккан.

Маалыматтарга ылайык, окуя 4-сентябрда болгон. Айыл тургундары Баба-Ата мазарын оңдоого барганда ал жердин убактылуу дайындалган шайыгы жана башка тургундар менен пикир келишпестик чыккан. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын берген маалыматты боюнча, учурда бул окуяны райондук милиция териштирип жатат.