Данияр КАЙНАЗАРОВ: «Иш-чараларды жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүктөр жетиштүү»

Москва районундагы Беловодский айыл өкмөтү учурда “күз – күрөш” демекчи, жайды жайлата иштеген мээнетинин үзүрүн көрүп, мол түшүм жыйноо менен алек болушууда. Айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Кайназаров менен болгон маегибизде аймакта жасалып жаткан игштер тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

Бардар жашоого өбөлгө түзүлүүдө

Беловодский айыл өкмөтү жыл башынан белгиленген иш-чараларды толугу менен ишке ашыруу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап келе жатат. Аймагыбызда негизинен дыйкан-фермер чарбалары, кызмат көрсөтүү тармагынан киреше түшүп, элибиздин бардар жашоосуна өбөлгө түзүп келет. Быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн бекитилген бюджети план боюнча 59 655,3 миң сом болсо, аны иш жүзүндө 79 988,6 миң сомго, же болбосо планды 134,1%га ашыгы менен аткардык. Аймактагы жайыт комитетинин 9 айлык планы – 330,4 миң сомду түзсө, иш жүзүндө 302,4 миң сом айыл өкмөтүнүн бюджетине жайыт колдонуучулардан келип түштү. Жылдын соңуна чейин планды аткаруу каралууда. Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар боюнча каржылоо 9 909,2 миң сомду түздү. Эми мунун ичинен эмгек акыга, социалдык фондго төгүмдөр, байланыш, транспорт жана башка кызмат көрсөтүүлөргө каражат жумшалды. Айыл өкмөтүнө кеңсе буюмдары, эмерек сатып алынды. Имаратты толугу менен оңдоп чыктык. Айтор күнүмдүк ишке зарыл болгон нерселерди сатып алуу керек экен.

Ошондой эле айыл өкмөтү социалдык-экономикалык маселелерди жөнгө салуу максатында кошумча жумуш орундарын түзүүгө бийлик тарабынан болуп келген убарагерчиликтерди азайтып, ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жатабыз.

Көздөгөн максаттар ишке ашат

Айыл өкмөтүндө инфратүзүмдөрдү жакшыртуу, көчөлөрдү жарыктандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Айылдык кеңештин депутаттары, айыл активисттери менен биргеликте зарыл болгон иш-чараларды биргеликте чечүүгө аракет кылып жатабыз. Аймагыбызда “Таза айыл” муниципалдык ишканасы тазалыкты камсыз кылып келет. Айыл аймагында коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча 15 303,8 миң сом өлчөмүндө, турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмү боюнча – 15 807,4 миң сом каржыланды. 4 910,0 миң сом өлчөмүндө акча каражатына экскаватор сатып алынып, азыркы учурда “Таза айыл” муниципалдык ишканасына пайдаланууга берилген. Ошондой эле калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында суу түтүктөрүн алмаштыруу жана скважиналарды кошуу иштерине 729,8 миң сом акча каражаты сарпталды.

Айылдардын жолдорун асфальттоо иштери боюнча “Су-4 Кара Балта” ЖЧКсы менен 5339,9 сомго келишими түзүлүп, ВЛКСМдын 40 жылдыгы, Горький, Королев көчөлөрүнө асфальт төшөлдү. Ал эми “Кара-Балта Жол Курулуш” ЖЧКсы менен 3273,0 сомго келишими түзүлүп, Шевченко, Самсалиев, Китаев, Джакыпов, Ломоносов көчөлөрү оңдолду. Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча  320 даана лампа орнотулду. Ага жалпы жонунан 400,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Ленин көчөсүндө жайгашкан фонтанды кайра реконструкциялоо иштери үчүн районду өнүктүрүү фондунан 1 790,0 миң сом бөлүнүп, “Дорожный холдинг” ЖЧКсы түзүлгөн келишимдин негизинде фонтанды кайра реконструкциялап, пайдаланууга беришти. Райондук оорукананын жанындагы жайгашкан скверге “Таза айыл” муниципалдык ишкананын жардамы менен – 690,9 миң сомго көрктөндүрүү иштери жасалды.

Муктаждыктар жоюлат

Беловодский айыл өкмөтүндө маданият, спорт, билим берүү тармагындагы имараттарды талаптагыдай шартта кармап турууга, кызматкерлерге айлык акы төлөө боюнча милдеттерди өз убагында аткарууга жетишип жатабыз. Быйылкы жылдын 9 айында мада-
ният, клубдар бөлүмүн каржылоо 2 375,2 миң сомду түздү. Мунун ичинен айлык акылары, социалдык төлөмдөрү бар. Андан башка майрамдык жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө 1 258,8 миң сом, “Беловодск” футболдук командасына спорттук формалар жана каражаттар жана жаштар клубуна 423,1 миң сом бөлүнүп берилди. Ошондой эле аймактагы билим берүү мекемелерине, бала бакчаларга 6 790,6 миң сом өлчөмүндө каржылоо болду. Мында негизинен байланыш кызматтарын көрсөтүүгө, санитардык кызмат көрсөтүү жана чарбалык товарларды сатып алууга, ичүүчү сууга акы төлөөгө, жылуулук энергиясына акы төлөөгө, бала бакчаларга тамак-аш сатып алууга, коммуналдык кызмат көрсөтүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бөлүнүп турат. Быйыл бала бакчалардын оңдоо иштерине 1000,0 миң сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралды. “Ласточка“ балдар бакчасына кургатуучу чатырча курууга 263,0 миң сом сарпталды. Ал эми “Колокольчик” балдар бакчасынын капиталдык ремонтуна 533,8 миң сом жумшалды. Ошондой эле орто билим берүү бөлүмүнө 8 263.3 миң сом өлчөмүндө каржылоо каралган. Мунун ичинен Биринчи май орто мектебинин ашканасын капиталдык оңдоого 439,3 миң сом, №2 В.Степаненко орто мектебинин акты залын капиталдык оңдоого 499,0 миң сом, А.Сыдыков орто мектебинин электромонтаждык ремонттоо жумуштарына 242,2 миң сом сарпталды. Андан башка №2 В.Степаненко орто мектебинин чатырын жана сырткы фасадын капиталдык ремонт жүргүзүү, дем берүүчү гранты боюнча 2 372,6 миң сомго жүргүзүлүп жана өздүк салымга – 732, 6 миң сом сарпталды. Бул долбоор “Мессина” ЖЧКсы тарабынан аткарылды.

Беловодский айыл өкмөтү жылдын аягына чейин Президентибиз, Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген иш-планды толугу менен аткарууга мүмкүнчүлүгү жетиштүү десем болот.

Аида БОЛОТБЕК кызы

0 Поделились