Алмазбек ОСМОНОВ: “Инвестиция жумуш орундарын түзүп, кирешебизди көбөйтөт”

Ысык-Ата районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары болуп эсептелген өнөр жайы, айыл чарбасы, курулуш жана башка тармактарды өнүктүрүүнүн темпин жогорулатуу боюнча 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгында бир катар иш-чаралар аткарылып, жакшы саамалыктар жаралып жатыптыр. Райондун акими Алмазбек ОСМОНОВ менен болгон маегибизде жасалып жаткан иштер, жүзөгө ашырылуучу долбоорлор тууралуу кеңири пикир алышканбыз.

– Алмазбек Абдилакович, “жөжөнү күздө санайбыз” демекчи, күтүрөгөн күздө иштин жыйынтыгын чыгара турган учурга жакындап баратабыз. Райондун аймагында жыл башында белгиленген план-тапшырмалар кандай аткарылып жатат?

– Ысык-Ата району республикада эң ири райондордун бири болуп эсептелет. Ошого жараша алдыбызга койгон максаттарыбыз бараандуу десем жаңылышпаймын. Жыл башынан белгиленген план-тапшырмаларды аткаруу боюнча атайын иш-чараларды иштеп чыгып, ар бир мекеме-уюмга жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруунун үстүндө иш кызуу жүрүп жатат.

9 айдын жыйынтыгы боюнча Ысык-Ата районунун бюджетине 422 127,3 миң сом каражат түшүп, план 119,1%га аткарылды. Кант шаарынын мэриясынын бюджетинин такталган планы 173 313,1 миң сом болсо, түшкөн кирешенин көрсөткүчү 199 956,8 миң сом же аткаруу 115,4 пайызды түздү. Башкача айтканда, жергиликтүү бюджетке 67 836,5 миң сомго ашыкча каражат түштү.

Ысык-Ата районунда айыл чарба жерлеринин, мамлекеттик фондунун жерлеринин аянты 13 105,0 га түзөт, анын ичинен: 2022-жылы 12 799,0 га келишим боюнча ижарага берилген. 306,0 га жери колдонулбай калды. Анын негизги себеби, жерлердин саздуулугу, таштагы жана экономикалык жактан пайдалуулугу жоктугу болуп саналат. 2022-жылдын акырына чейин мамлекеттик фонддун жерлеринин эсебинен чогула турган акы – 38 797,4 миң сомду түзөт.

2022-жылдын 9 айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 14 894,2 млн.    сомго өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өнөр жай өндүрүшүнүн индекси 2021-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 106,1 пайызды түздү. Райондогу экономика тармагындагы өндүрүштүн көлөмүн былтыркы жылга салыштырмалуу өсүү темпин ала турган болсок, өнөр жай өндүрүшү – 127,8%, кайра иштетүүчү өнөр жайынын, азык-түлүк өндүрүмү – 126,9%, текстиль өнөр жайы жана тигүү өндүрүшү – 102,5%, жыгач иштетүү жана жыгач буюмдарынын өндүрүшү – 103,4%, башка металл эмес минералдык өндүрүш, резина жана пластмасса буюмдардын өндүрүмү – 130,2%, металлургиялык жана даяр металл буюмдарынын өндүрүшү – 135,1%ды камсыз кылды.

– Президент акимдерди дайындап жатканда өндүрүшкө, социалдык объектилерге инвестиция тартуу маселесине басым жасаган болчу. Райондун аймагында инвестиция тартуу кандай жолго коюлган?

– Туура айтасыз, мамлекеттик бюджетти эле карап отура бербей, инвестицияларды тартып, кошумча каржы булактарын тапсак, жумуш орундары түзүлүп, кирешебиз көбөйөт да. Райондо инвестиция тартуу маселеси көңүлдүн борборунда турган маселе. Быйыл каржылоонун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестиция 850,3 млн. сом тартылды же 2021-жылдын деңгээлине карата өсүү темпи 120,8 пайызды түздү. Отчеттук мезгилде 19 чарбалык субъектиси ишке кирип, 91 жумуш оруну түзүлдү. Жалпысынан айтканда, райондун аймагында эт жана сүт продуктыларын таңгактоочу кичи цех, спорттук инвентарлар дүкөнү, «Универсам» дүкөнүнүн кеңейтилиши, суу түтүктөрүн калыбына келтирүүгө, 5 кабаттуу турак үйлөрдүн курулушу, оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вирусологиялык лабораториясынын ачылышы, Жарбашы айылындагы ФАПтын курулушу, Интернационал  айылында жаңы спорт сарайынын курулушу инвестициянын эсебинен жүзөгө ашырылды. Мында албетте, жергиликтүү жеке ишкерлердин салымы чоң.

Ошондой эле эл аралык кайрымдуулук фонддору менен кызматташып, бир катар долбоорлорду ишке ашырууга жетиштик. Маселен, Ысык-Ата айыл аймагындагы Алмалуу айылына «Ассанабиль» эл аралык кайрымдуулук фондунун 5,5 млн. сом суммасына барабар демөөрчүлүгү менен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулуп, толук жабдуусу менен камсызданылып ишке берилди. «Катар» эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан Кен-Булуң айылына 4,5 млн. сомго ФАПтын имаратын куруп беришти. Нурманбет айылына эл аралык демөөрчү ЛуЛуа Ахмад Алрави 4,5 млн. сомдук өз каражатына  үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын куруп, элибизге тартуулады. Ал эми «Ассанабиль» эл аралык кайрымдуулук фонду Карагай-Булак  айылына ФАПтын имаратын куруп берди. Бул долбоорго 6,0 млн. сом сарп-талды. Эл аралык кайрымдуулук фонддору тарабынан район боюнча 39 чакырым аралыктагы суу түтүгүн жаңыртуу жана алмаштыруу   боюнча   Сын-Таш,   Красноречка,   Бирдик,   Ысык-Ата, Юрьевка айыл аймактарында иш-чаралар жүргүзүлдү. Нижнее-Сарафимовка карылар интернатына жаңы суу түтүкчөлөрү жана суу насосу орнотулду.

Ошондой эле, калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында АРИС жана Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып айылды суу менен камсыздоону жана канализацияны туруктуу өнүктүрүү долбоору ст. Ивановка айылындагы «МЧК» суу мунарасын реконструкциялоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Долбоордун негизинде 1 200 короого ичүүчү таза суу түтүкчөсү киргизилип суу менен камсыз болот. Долбоордун наркы 66,22 млн. сомду түзөт.

– Министрлер Кабинетинин Төрагасы ар бир райондогу өнүктүрүү фонддоруна атайын каражат бөлүнүп жатканын билдирген болчу. Аталган фонд тарабынан аткарылган долбоорлор тууралуу айта кетсеңиз?

– Ысык-Ата өнүктүрүү фонду тарабынан жыл башынан бери жазгы талаа жумуштарына 9 долбоор, жалпы эсеби 832 037 сомго каржыланды. Мунун ичинен фонддун бюджетинен – 642 539,0 сом, жергиликтүү бюджеттен 189 498 сом бөлүнүп берилди. Атап өтсөм, Нурманбет айыл аймагында “СКА Эпкин Суу” жана “СКА Кок Чаар” ирригация системаларын оңдоо үчүн ушул эки долбоорго 202 547 сом сарпталды. Сын-Таш айыл аймагында 2 долбоор колдоого алынган, алар  “Жетиген Суу” жана “Отогон Суу” ирригация системаларын оңдоого 170   000 сом жумшалды. Ал эми Бирдик айыл аймагында 1 чакырым сугат арыктарын механикалык тазалоого 140 000 сом бөлүнүп берилди. Ошондой эле фонддун колдоосу менен Люксембург, Туз, Ивановка, Интернационал айыл аймагында системалары оңдолуп, бардык долбоорлор өз убагында аткарылды.

Райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн Чүй облустук өнүктүрүү фондунун салымы чоң экенин баса белгилеп айтайын. Быйылкы жылы Чүй өнүктүрүү фонду тарабынан жалпы суммасы 28 млн. 904,6 сомдук 7 долбоор ишке ашырылды. Фонддун каржылык колдоосу менен Ак-Кудук айыл аймагында Токтогул, Пушкин жана Безымянная көчөсүнүн жолдору оңдолду. Нурманбет айыл аймагында суу топтомо мунарасы оңдолуп, айылдагы клубдун имаратына кошумча бөлмөлөр кошулду. Кочкорбаев айыл аймагында жаңы конуштун көчөлөрү жарыктандырылды жана айылдагы Д.Курманалиев атындагы көчөгө асфальт төшөлдү. Сын-Таш айыл аймагында таза суу системалары оңдолду. Бирдик айыл аймагында сууну суткалык жөнгө салуу бассейни тазаланды. Бул иш-чараларга айыл өкмөттөрүнүн өздүк салымы 1 716,4 миң сомду түздү.

– Республикалык дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылган долбоорлор көп окшойт…

– 2022-жылга карата дем берүүчү грантка 9 айыл өкмөтүнүн долбоору жалпы сметалык баасы 25 126,5 миң сом болуп бекитилген. Анын ичинде айыл өкмөтүнүн кошо каржылоо үлүшү 7 367,7 миң сом жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттар 17 758,8 миң сомду түздү. Эми аткарылып жаткан долбоорлор тууралуу айта турган болсом, Милянфан айыл өкмөтүндө имарат толук оңдолуп бүттү. Бул долбоорго жалпы 2 445,5 сом жумшалды. Ошондой эле Нурманбет айыл өкмөтүндөгү А. Молдокулов атындагы мектептин спорт залын капиталдык оңдоого 1 546,5 миң сом каралып, иштер соңуна чыгып калды. Андан башка Интернационал айыл өкмөтүндө “Ак-Тилек” орто мектебинин чатырын алмаштыруу, Жээк айыл өкмөтүндө К.Жакыпов атындагы мектептин терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу, Люксембург айыл өкмөтүнүн Киршелк айылынын Мичурин көчөсүнө асфальт төшөө, Красноречка айыл өкмөтүндө ҮДБ имаратын оңдоо, Узун-Кыр айыл өкмөтүндө Нижний Норус айылынын Бөкөнбаев көчөсүнө асфальт төшөө, Логвиненко Новопокровка айылынын Чехов көчөсүнүн оңдоо жана асфальт төшөө иштери үлүштүк гранттын эсебинен бүткөрүлдү.

– Райондун аймагындагы маданият, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынын мекемелеринин абалы кандай?

– Ысык-Ата райондун маданият бөлүмүнүн карамагына 49 маданият мекемелери кирет. А.Жумакматов атындагы балдар музыкалык мектеби, Б.Эдигеев атындагы “Ысык-Ата Арашан” элдик фольклордук  ансамбли сыяктуу республикага белгилүү өнөр ордолору бар. Маданий    мекемелерди талаптагыдай шартта кармап турууга каржылык көрсөтүп  келе жатабыз. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн Таш-Башат айылына Кореянын “Самыэль” фонду тарабынан 1.900 миң сомдук демөөрчүлүк  жардамы менен жаңы клуб жана спорт сарайынын имаратынын курулушунун 80% жумушу бүтүп калды.

Райондук билим берүү тармагына токтоло турган болсом, бүгүнкү күндө райондо 54 жалпы билим берүү мекемелери бар. Жалпы билим берүү      мекемелерине кезектеги оңдоп-түзөө иштерине бардыгы 52 592,7 миң сом бөлүндү. Мунун ичинен, республикалык бюджеттен – 2 229,6 миң сом, жергиликтүү бюджеттен – 19 396,9 миң сом, стимгрант – 12 625,8 миң сом, мектептердин жеке салымы жана ата-энелер – 2 026,6 миң сом, Чүй облустук фонд аркылуу – 6 145,0 миң сом, Ысык-Ата райондук фонд аркылуу – 5 587,9 миң сом, АРИС аркылуу – 2 180,0 миң сом, «Кумтор Голд» ишканасы аркылуу – 2 000,0 миң сом, демөөрчүлүк жардам – 400,9 сомду түздү.

Учурда райондо Ивановка айыл аймагындагы Ивановка № 3 башталгыч мектебинин курулушу жүрүп жатат. Ысык-Ата айыл аймагына караштуу академик А.Мурзалиев атындагы билим берүү мектебине 150 орундуу имараттын курулушуна Сауд өнүгүү фонду тарабынан 680 миң доллар бөлүнүп берилди. Новопокровка №2 Н.Баранов мектеп-лицейине кошумча 225 орундуу мектеп, ошондой эле Ново-Покровка айыл аймагында жалпы наркы 29,6 млн. сомдук бала бакча курулуп жатат.

Саламаттыкты сактоо тармагында райондогу Жалпы дарыгердик практика борборуна 17 үй-бүлөлук дарыгерлер тобу (ҮБДТ) жана 27 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) кирет. Жалпы дарыгердик практика борборунун тиешелүү бардык мекемелерди зарыл болгон жабдуулар менен камсыз кылууга жардам берип жатабыз. Элибиздин ден соолугуна кам көрүү боюнча иш-чараларды уюштуруп, стационарында медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча зарыл болгон чараларды көрүп жатабыз.

Аида БОЛОТБЕК кызы

0 Поделились