Ааламдын көркүн көз ачат…
Бул жашоого жаралган ар бир адамдын коомдогу ордун анын жасаган эмгеги, акыл парасаты, деги эле анын адамгерчилик асыл сапаттары көрсөтүп турат эмеспи. Арабызда андай адамгерчилик бийик сапаттарга эгедер, интеллектуалдуу, өз ишин мыкты билген кесипкөй адамдар арбын. Эне тилин, дилин аздектеп, ата-бабалардан калган нарк-насилди бекем сактоо менен бирге оомал-төкмөл бул жашоонун кыйынчылыктарына муюбай жеңе билип, опол тоодой ийгиликтерди жаратып, катарыбызда эле жүргөн инсандардан уучубуз куру эмес. Улуттук офтальмологияда новатордук демилгелердин башатында турган “Дордой-Офтальмик сервис” көз микрохирургиялык медициналык борборун негиздеп, чейрек кылымдан бери жетишкендиктерди жаратып келе жаткан КРнын Эмгек сиңирген врачы, КРнын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, КРнын Саламаттыкты сактоонун отличниги, белгилүү офтальмолог Асизбек ЭШМАМБЕТОВДУН эмгеги алкоого аларлык.
Көз жана сөз жөнүндө учкай сөз

Көз менен сөздүн адам турмушундагы орду өзгөчө. Адамзатынын миңдеген жылдык тарыхы көз жана сөз менен байланышкан. Анын ичинде уңгулуу элибиз — көзгө жана сөзгө астейдил, аяр мамиле жасаган.
Сөз – тирүүлүктүн кыймылдаткыч күчү. Сөз – адам баласынын карым-катнашынын куралы, сөз болбой адамзаты бүгүнкүдөй жетишкендиктерге жетишмек эмес. Ыйык китепте: “Эң оболу Сөз болгон. Сөз Кудайда болгон” – делет. Арийне, эң оболу сөз болгонунда талаш жок. Бирок, кудурети күчтүү сөз менен бирге көз да болгону эч качан талаш жаратпайт деген ойдобуз.
Көз – адам баласынын турмушундагы эң назик, эң аялуу жана эң кымбат, алмаштырылгыс нерсе. Жарык дүйнөнү жана жарык дүйнөнүн бар кереметин, табияттын сулуулугун, жаратылыштын кооздугун көз менен көрүп тааныйбыз. Жарык менен караңгыны, алыс менен жакынды, карыш менен закымды, тоолор менен талааларды, суулар менен көлдөрдү көз менен айырмалайбыз. Түстөрдү, адамдарды көз менен ажыратып билебиз.
Эң кымбат, эч качан кыйбас адамыбыз же аздектеген буюмубуз, руханий баалуулукту аманат тапшырып, же ага кандай мамиле жасоо керектиги тууралуу сөз болуп калганда, “көздүн карегиндей сакта” деп бекеринен айтпайбыз.
Анда бүгүн сөз – көз жана улуттук офтальмология туурасында болсун.
«Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт» дегендей, ХХ кылымдын башындагы планетардык масштабдагы бурулуштар, өзгөрүүлөр өз кезегинде бүтүндөй мамлекеттердин, элдердин турмушуна зор өзгөрүүлөрдү алып келбедиби. Бул бурулуштардан, өзгөрүүлөрдөн кыргыз эли да четте калган жок. СССР деген зор империянын курамында касиеттүү кыргыз мамлекетинин коомдук-саясий, экономикалык-социалдык, маданий-гуманитардык, анын ичинде саламаттык сактоо тармагында болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болуп жатты. Доор жана мезгил ушундай экен, башка мамлекеттердин медицинасы жүз жылдап баскан жолду улуттук медицина мерчемдүү бир убакыттын мезгилинде басып өтүүгө туура келди.
Ошентип, өткөн кылымдын 30-жылдарында башат алган улуттук офтальмология кыргыз медицинасынын бардык тармактарындай эле кыска убакыттын аралыгында бай түп даракка айланды.
Улуттук офтальмологиянын жаралышы
Баарыбыз эле биле бербесек керек, Кыргызстандагы офтальмологиялык кызмат оболу кабыл алуу кабинети түрүндө уюштурулган. Кийин Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда көз оорулар кафедрасы ачылат. Кыргыз офтальмологиясын негиздегендер да, көз оорулар кафедрасын ачкандар да республикага сырттан келишкен адистер болушкан. Бул эми өткөн-кеткен тарыхыбыз, биз муну сөзсүз түрдө айта жүрүшүбүз абзел.
Ал эми көз микрохирургиясы 1975-жылдан тарта гана өздөштүрүлө баштаган. 1990-жылы көз микрохирургиясы өлкөнүн бардык облустарындагы ооруканаларга кирип, операциялык микроскоптор жана атайын операциялык столдор даярдалган.
Күндөр күнгө, айлар айга уланып, кадам артынан кадам жасалып, бир кылымга жакын убакыттын аралыгында кыргыз офтальмологиясы өнүгүп-өсүү жолунда болду. Улуттук кадрлардын бир нече мууну өсүп чыкты. Анан кайрадан доор алмашып, кайрадан коомдук система түп-тамырынан жаңыланды. Бул мезгил баарыбыз күбө болгондой, кыйынчылыктар менен коштолду. Мамлекет да кыйналды, эл андан кыйналды. Адатта, мына ошондой жол таппай, карайлаган маалда караңгыдан жол тапкан, капилеттен сөз тапкан жаратмандардын мууну жаралат эмеспи. Ошол улуу бурулуштардын мезгилинде келген жаратмандардын бири – белгилүү офтальмолог Асизбек Эшмамбетов.
Жаратмандык демилгелер

Асизбек Эшмамбетов эгемендүү Кыргызстандын тарыхында алгачкылардан болуп, 1995-жылы заманбап медициналык аппараттар менен жабдылган “Дордой-Офтальмик сервис” көз микрохирургиялык медициналык борборун негиздеп, адамдарга ак жарык, күндүн нурун тартуулаган изги иштин башында турду жана өзүнүн пикирлештери менен бирге улуттук офтальмологиянын кайра жаралуусуна түздөн түз түрткү болушту. Улуттук офтальмологияга көз ооруларын дарылоонун заманбап ыкмаларын алып келишип, аны дүйнөлүк деңгээлге чыгарышты. Алсак, аталган медициналык борбордо көз протездерин жасап чыгаруучу лабораториянын ачылышы мурда түздөн-түз Москвага жана Европа өлкөлөрүнө кайрылууга аргасыз болгон көз оору боюнча бейтаптардын көйгөйүн өзүбүздө эле чечүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
2010-жылы Берлин шаарында өткөн Бүт дүйнөлүк офтальмологдор конгрессинде эксклюзивдүү эмгек катары бааланып, сериялык түрдө Германиялык “Morcher” фирмасы тарабынан чыгарыла баштаган А. Ботбаевдин көздүн чечекейинин жасалма модели – “Дордой-Офтальмик сервис” медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетовдун жетекчилиги алдында алгачкы жолу аталган борбордо пайдаланууга берилгенин баса белгилеп айтып коюуга тийишпиз.
“Дордой-Офтальмик сервис” көз микрохирургиялык медициналык борбору жөн гана клиникалык борбор эле болуп эсептелбестен, мезгил талабына ылайык, дартты аныктоону изилдеген, көз ооруларын алдын алган жана дарылоо боюнча билим берүү долбоорлорунун алкагында эл аралык офтальмологиялык окуу курстарын өткөрүүнү уюштуруп, демилгелеп келген борбор катары элге кызмат көрсөтүп келет. Аталган медициналык борбор 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан мамлекеттик эмес мекемелердин ичинен мыкты медициналык мекеме катары таанылганы жөн жеринен эмес. Медициналык борбор ачылгандан бери аталган борборго 40 000ден ашуун жаран кайрылып, анын ичинде 10 000ден ашык адамга клиникалык операция жасалган.
Жакшы адамдын жарыгы жалпыга тиет
Көрүнүктүү офтальмолог Асизбек Эшмамбетов жетектеген
“Дордой-Офтальмик сервис” көз микрохирургиялык медициналык борбору новатордук
идеялардын демилгечиси болуп, ал изги жана алдыңкы идеялар менен ондогон жаш
адис-терди шыктандыра алды. Өзү да ошол новатордук идеялардын автору катары
таланттуу шакирттерди даярдап чыгарды жана алар көрүнүктүү офтальмолог
негиздеген борбордон тажрыйбаларын арттырышты. Ал сабаттуу клиницист жана
жогорку категорияга ээ билимдүү дарыгер-офтальмолог, демилгечил жана жогорку
кесипкөй адис, ишти уюштура билген билимдүү, кесипкөй, кеңири тармактагы көйгөй
маселелерди чече билген жетекчи катары Кыргызстанда эл аралык стандарттагы жаңы
технологияны кылдат пайдалануу жана дүйнөнүн алдыңкы көз микрохирургиясы
борборлору менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында дүйнөнүн эң алдыңкы көз
микрохирургиясы адистеринен кем калышпай иштей ала турган улуттук
офтальмологдордун мектебин, жаңы муунун түздү десем эч
жаңылышпайм.
Мунун баары айтканга жеңил болгону менен, анын артында эмне деген эмгек, эмне деген мээнет жатат. Бул ийгиликтерге Асизбек Эшмамбетов өзүнүн менеджерлик жана жетекчилик сапаттары менен жетише алды деп ойлойм. Эң башкысы, ошол жаратман иштердин артында тарых барактарына чоң тамгалар менен жазылчу адам турат.
Асизбек Эшмамбетов ушунчалык жөнөкөй, ошол эле учурда керемет адам. Анын жөнөкөйлүгүнүн жана мырзалык касиетинин сыры эмнеде деп сүрүштүрүп көрсөм, бул анын каны менен келаткан, жүз жылдык, а мүмкүн миң жылдык салты бар, уңгулуу нерсе экен. Кыргызда “аккан арыктан суу агат” деп бекеринен айтпайт эмеспи. Көрсө, ал тектүү жерден чыгыптыр. Ата-бабалары миң жылды ойлоп, бак тигип, эл камын көрүп, эл баккан адамдар болуп, кыргыз менен казакка аты угулган, эл арасында кадыры бийик, кара кылды как жарган калыс сөзү менен таанылган нускалуу, салт сыйлаган адамдардан болгон экен. Асизбек Эшмамбетовдун адамдарга кызмат кылуусунун уңгулуу жолу мына ошол карт тарыхтан келаткан, салтка айланган көрүнүш, атадан балага калган салт десек эч качан жаңылышпайбыз.
Ийгиликке жеткирген асыл сапат
Асизбек Эшмамбетовдун бийик жана тубаса адамгерчилигин айтканыбыз, бардык мезгилдерде жана бардык өлкөлөрдө – адамдык касиет жогору бааланып, күн сайын адам болуу маселеси күн тартибинде турат. Анан калса, дарыгер үчүн мыкты адис болуудан мурда, жакшы адам болуу керектиги – бул жазылбаган мыйзам. Неге дегенде, “адам көңүлү гүл” демекчи, оорулуу адамдын жан дүйнөсү гүлдөн да үлбүрөк, назигирээк, сезимтал жана аеолуу келет. Кыргызда: “оорунун абалын сурасаң айыкканга тете” дегендей, жаны кыйналып турган адамга бир ооз жылуу сөз айтсаң, жылуу сөз ага айыккандай дем, кайрат, күч болот, ал эми айтылган орунсуз жана ойлонбой айтылган бир сөз – табы айнып турган адамды андан ары чөктүрөт.
Медиктердин арасында да ар кандайлары кездешет. Асизбек Эшмамбетов республикадагы көзгө басар көз микрохирургиясы борборлорунун бирин жетектесе да, ал өзүнүн адамдык асыл касиеттери менен башка чиновник кесиптештеринен кескин айырмаланып турат. Адис катары – анын өзүнө гана мүнөздүү келген жөнөкөйлүгү менен ар бир адамга батымдуу да, жагымдуу да мамиле жасап, улууга улуудай сый-урмат көрсөтүп, кичүүгө кичүүдөй ызаат кылганын көрөсүң. Адам канчалык бийик болсо, ал ошончолук жөнөкөй болот. Мына ушул айтылган сөздү Асизбек Эшмамбетов өзүнүн акыл парасаты, турган турпаты менен айгинелеп тургандай.
Жакшы адам гана мыкты дарыгер, мыкты адис, мыкты уюштуруучу, мыкты жетекчи боло алат. Жеке демилге менен негизделген ар түрдүү борборлор коомубуздагы кырдаалга жараша өзгөрүп, айрымдары ишмердигин токтоткон учурлар да болгон. Өлкө үч жолу революцияны башынан кечирип, башкаруу системасы дээрлик алмашып, өлкөдө олку-солкулуктар, башаламандыктар болду. Сөз болгон медициналык борбор ачылгандан тартып бардык кыйынчылыктарга туруштук берип, ийгиликтерди жаратып, ишмердигин улантып, элге кызмат кылып келе жатат. Ушунун өзү алкоого аларлык.
Демек, мындан бир жыйынтык чыгат. Адамгерчилик асыл сапаттарды турган турпатына сиңирип, дээринен нарк-насилдүү тарбия алган Асизбек Эшмамбетов медицина тармагына келгени офтальмология багытында көптөгөн ийгиликтерди жарата алды. Кыргызстандагы алдыңкы саптагы көз микрохирургиялык борборлор саналуу гана болсо, анын бири ушул “Дордой-Офтальмик сервис” көз микрохирургиялык медициналык борбору десем жаңылышпайм.
Эл аралык айдыңда кадыр-баркы жогору
Учурда заман агымына жараша медицинага болгон талап өстү. Асизбек Эшмамбетов жетектеген медициналык борбор алдыңкы технологияны колдонуу менен ишмердигин жүргүзүп, бейтаптарды дарылап, андан дарыланып сакайгандар ага ыраазы болушканын угуп жүрөм. Ал улуттук руханий байлыкты да аздектеген адам, унутта калган тарыхый урунттуу учурларды сүрөттөгөн “Куюн доор” аталышындагы китептин жаралышында негизги каарман жана ата-бабаларынын басып өткөн жолу ал китептин өзөгүн түзөт. Коомдук иш-чараларга да активдүү катышып, колдоо көрсөтүп демилгелеп келе жатат. Жеке өзүнүн жана кесиптеш офтальмологдордун демилгеси менен эл аралык конференцияларды уюштуруп жүрөт.
Тактап айтканда, Асизбек Эшмамбетовдун жана профессор Олжобай Жумагуловдун жетекчилиги жана түздөн-түз демилгелери менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын Көз оорулары кафедрасы менен биргеликте офтальмология боюнча 5 конференция Борбордук Азиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Ысык-Көлдө өткөрүлүп келди. Бул конференцияга Россиядан, Германиядан, Украинадан, Турциядан, Финляндиядан, Индиядан, Япониядан жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн ар жыл сайын 200дөн кем эмес офтальмолог окумуштуулар катышышты. Жакында эле Азербайжан мамлекетинде офтальмологдордун конференциясына барып катышып келди. Мына ушундай иш-чаралар жана эл аралык маанидеги илимий-теориялык конференциялар кыргыз офтальмологиясынын эл аралык маанидеги кадыр-баркынын жогорулашына жана заманбап тажрыйба топтоого кеңири жол ачып жаткандыгын өзгөчө белгилөөгө болот. Мунун өзү Кыргызстан үчүн, анын ичинде өзү жетектеген медициналык борбордун жетишкендиги эмей эмне?
Кыргызстандын медицина тармагында ийгиликтерди жараткан Иса Ахунбаев, Мирхамид Миррахимов сыяктуу залкар адамдар болгон. Алардын эмгектери элдин эсинде өчпөс болуп калды. Ал эми ысмы он беш республикада эле эмес, чет өлкөлөргө чейин белгилүү болгон Мамбет Мамакеев, Дүйшө Кудаяров, Сабырбек Жумабеков, Эрнест Акрамов, Неля Ахунбаева жана башка талыкпай, жаратмандык менен эмгектенип келе жаткан белгилүү хирургдар, дарыгер окумуштуулар бар. Алардын катарында офтальмологдордон Асизбек Эшмамбетов да бар десем ашыкча болбос. Анткени анын медициналык борборунда көзү көрбөй калган адамга операция жасалгандан кийин, аз убакыттын аралыгында кайрадан көрүп калганы бул бир жагынан технологиянын өнүккөнү болсо, экинчи жагынан ошол борборду жетектеген жетекчинин, анда иштеген дарыгерлердин иш билгилигин, кесипкөйлүгүн айгинелейт.
Азыркы тапта медицина тармагында улуу муундагы окумуштуу дарыгерлердин жолун жолдоп, ийгиликтерди жаратып жаткан ортоңку муундагы дарыгерлер өсүп келе жатат. Албетте, мындай көрүнүш ары кубандырса, ары сыймыктандырат. Заман агымына жараша медицинага болгон талап жогорулагандыктан, бул тармакта жаңы технологиялар, заманбап аппараттар колдонула баштаганы менен, ошол технологияны да адам өмүрүн сактоодо натыйжалуу, туура пайдалана билүү адиске жана ал мекемени жетектеген жетекчиге түздөн-түз байланыштуу болот эмеспи. Аталган борбор учурдун талабына толук жооп берип, заманбап технологиялар менен жабдылгандыгын, анда өз кесибин мыкты билген кесипкөй адистер иштегендигин мезгил өзү көрсөттү.
Эмгектин акыбети
Ал эми Асизбек Эшмамбетов дарыгер катары жөнөкөйлүк менен билимдүүлүктүн, сабырдуулук менен токтоолуктун, ар-намыстуулук менен интеллектуалдуулуктун, ширелишкен жеринде парасаттуу да, нарк-насилдүү да өмүр кечирип келе жатат. Саламаттыкты сактоо тармагында жасаган жигердүү эмгегинин аркасында улуу-кичүү жарандардын урмат-сыйына арзып, руханий дүйнөсүнүн бийиктиги, адамдык ыйманынын тазалыгы менен замандаштарына үлгү болуп, адам өмүрүн сактоону пир тутуп, андан мартаба таап, аруу инсан катары парасаттуу өмүр сапарын арытып, өжөр эмгек жана жөндөмдүүлүк гана адамды муратына жеткирерин үлгүлүү өмүрү менен айкындап келе жатат.
Мына ушундай талыкпаган күжүр-мөндүүлүк жана изденүүчүлүк менен жаралган ийгиликтердин натыйжасында Асизбек Эшмамбетовго “Офтальмологиядагы азыркы учурдун жогорку технологиялык ыкмалары: Кыргыз окумуштууларынын теоретикалык иштеп чыгуулары жана практикалык иш тажрыйбалары” аталышындагы жамааттык эмгекке авторлош болгондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болуп, ал “Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты” деген ардактуу наамдын ээси болду.
Республиканын саламаттыкты сак-тоосуна кошкон салымы жана жигердүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоонун отличниги” төш белгиси менен сыйланган. Ал Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы.
Ошондой эле Россия Федерациясынын, Офтальмология боюнча Евразиялык конференциялардын, Россиянын Глаукома коомунун, Россия Федерациясынын дарыгер-офтальмологдорунун Аймактар аралык ассоциациясынын II конгрессинин сертификатына ээ болгон.
Асизбек Эшмамбетов жамааты менен биргелешип чыгарган 12 илимий макаланын жана жаңы рационализатордук сунуштун автору катары Кыргыз патенттин 7 күбөлүгүнүн ээси. Ал 2012-жылы Борбордук Азиядагы эң мыкты “врач-уюштуруучу” деген номинациядагы Ата Түрк алтын медалы менен сыйланган жана ошондой эле И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ардактуу профессору…
Вера БЕДЕЛБЕК кызы