Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»

(Башталышын бул жерден окуңуз)

Анын бу суранычы: “болбособу..!” – деп алда нени эскерткендей өктөм да болчу.

Баятан бери ичинен ар кайсыны ойлонуп жиберген Абылай оюн окутуп койгондой кайпактап, көздөрүн ала качып кетти. “Ооба, катын-балам үчүн тилим буулуп, колу-бутум тушалбадыбы. Болбосо, ошондон келгенди көрөт элем!..” – деди оюнда.

***

Бу тапта түндөсү эмес, күндүз да оңой менен киши басып өтпөгөн, ЖерКуйду жээктей өтчү жалгыз аяк жолдун үстүндө жылтылдап от күйүп, аны тегеректеп төртөө – Алымкан, Асан, Кызмончок, Тынар отурган. Алардын жанында жарым жартылай тоголоктошуп жаткан – Жан. Жылдыздар жымыңдап, анткен менен түн – айсыз. Караңгы.

Ошондуктан ортодогу бирде чатырап, учкундары чачырап, бирде дымый түшүп жылтылдаган от гана бул дүйнөнү жарык кылып, жылытып турган жалгыз жарыктай туюм берет.

Асан менен Тынар жанараак бу тегеректен терип, чогултуп келген отун бир ыптада чөмөлө болуп турат. “Чөмөлө” дегеним, бу тегеректе колго урунттуу отунду табыш кыйын. Бирок камгак деген эме шамалдын агымы менен томолонуп-жумаланып келип эле Жер-Куйга түшөт, болбосо, бирибирине жармашып, ар кай жерде чөмөлө болуп үймөлөктөшүп жатат. Бирок тамызгыдай бир “дуу” деп күйүп жок болуп кетчү камгак, жалгыз өзү от болуп бербейт. Тээ Жинди-Чаптын башында качанкыдан калган эски бак бар. Ошондон Тынар экөө ныктап туруп экиден таңгак көтөрүп келе коюшкан. Отту өчүрбөй күйгөн негизги өзөк – ошондон.

– Сыягы, качандыр бу жерден суу акканы ырас окшойт, – деди Асан жерде кудум малдын сөөгүнө окшоп чачылып, куурап жаткан бутактарды чогултуп жатып.

– Болбосо, мынча отунду бирөө чачып кетти дейсиңби?

Тынар анын эмне тууралуу айтып жатканын түшүнгөн жок. Тек гана апасына тезек теришип көнүп калгандыктан, мынча көп кургак отунду көргөнүнө кубанып, дикилдеп чуркап чогултуп, энесинин буларды көрбөй калганына өкүнгөндөй улам артын карап, алда нелерди күңкүлдөп сүйлөнүп жүрдү.

Кайтып келатып, олжосун апасына көрсөткүчө шашып, жеткирип-жеткирбей алдыда дүңкүлдөп кетип бараткан курбалдашын Асан аяп кетти. “Байкушум, Кудайтаалам эмнеге бечараны ушинтип жаратып койду экен? Жалгыз апасы болсо, курсагы тойсо болду… Болбосо, бой десе – бой, күч десе – күч бар. Бирок кээде талтөөмдөй болуп тап-так сүйлөп, кадыресе адамдай соо боло калат дешет. Ыкчамдыгын деле карабайсыңбы. Өңү деле жаман эмес… Балким, дартына даба табылар? “Дабасы жок дарт болбойт”, – дейт го атам. Балким… дабаны мен издеп көрсөмчү. О, анда чоң ачылыш жасаган болор элем. Анда…” – ушу саам да оюна Кызмончок түшүп кетти. “Анда Кызмончок мени менен сыймыктанмак чыгар?”

Азга ушинтип алаксый түшкөн жаш табыптын оюн алда неге чалынып, көмкөрөсүнөн кулаган Тынар бузуп жиберди. Бирок Асан жетип келгиче ордунан тура калды. Боз топуракка оонап калган боорубашын күбүп жаткан уланды Асан чындап аяп кетти. Баарынан да анын кыз сүйбөй, өзү теңдүу уландар сезгенди сезбей күн кечирип жүргөнүнө каңырыгы түтөп кетти. “Сүйүү жөнүндө түшүнүгү болду бекен?.. Балким, бу деле акылынын жетишинче ойлонор,” – деген Асан:

– Тынар?! – деди катарында кетип бараткан уланга карап. Тынар ага кылчайып карады.

– Канчадасың? Эмнегедир Тынар аны таң калгандай карады.

Анын бул карашынан Асан ыңгайсыздана түшүп:

– Сураганым, сен эч кимге теңебей жакшы көргөн бирөө-жарымың барбы дегеним? Мм… Мисалы, аялзатынан? – деп сөзүн оңдоп кетти.

Тынар башын ийкеди:

– Бар.

Асан кубанып кетти. “Жарк” этип күлүп, анткен менен Тынарга ишенип-ишенбей карады: “Кээде кадыресе адамдай акылына келе калат дешпеди беле… Ошол учуру окшобойбу. Кызык. Бул канчага созулат болду экен?” – деди оюнда. Эмнеси болсо да, Тынардын так ушул бойдон өмүр бою калып калышын каалап кетти. “Балким ага кем акыл эмес, соо адамдай мамиле кылыш керектир?”

– Тынар? – деди анан олутту бир нерсе айтуучудай. – Билесиңби, мен аз күндөрдө үйлөнсөм дейм… Бирок ата-энем эмне дейт, билбейм. Сүйбөгөн бирөөнү алып, аларга окшоп өмүр бою бактысыз жашагандан көрө, бул жалган дүйнөдө сүйгөн адамың менен өмүр сүргөн жакшы эмеспи. Кандай дейсиң? Тынар башын ийкеген болду.

Бирок ал түшүнүп баш ийкедиби, же жөн эле ошентип койдубу, Асан айрып биле албай калды. Антсе да:

– Тынар, мени азыр түшүнгөн, колдогон эч ким жок. Мага баары каршы чыгышы мүмкүн. Ата-энем да, досторум да, туугандарым да… Жок дегенде сен мен тарапта болчу? Суранам?

Муну чын дилинен айтты:

– Билесиңби, мындайда жалгыз калган кыйын экен. Жок дегенде мени түшүнгөн, мени колдогон бир киши бар деп, каниет кылгым келет. Кандай дейсиң? Тынар “жарайт” дегендей башын ийкеди. Экөө токтоп, кол алышты.

– Мен сага жакында анын ким экенин айтам, – деди Асан чындап эле кубанып. – Бирок сен да мага ишенип, жактырган адамыңдын ким экенин айт. Анткени, достук – ишенимден башталат.

Экөө унчугушпай басышты. Булардан анча алыс эмес жерден Алымкан менен Кызмончоктун кобуру

угулду.

– Жетип калдык, – деди Асан жанагыдан шайдоот, көңүлдүү маанай менен кыстап. – Кана эми, менин досум эч кимге теңебеген… ал ким болду экен?

Тынар жылмайып, ээги менен апасы менен Кызмончок тарапты көрсөттү…

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.