Төкмөлүк өнөрдүн баркы жана наркы

 

Үч күн бою Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө жана Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган кыргыз-казак XI эл аралык айтышы болду.

Жаңылбасак, былтыр Көчмөндөр оюнуна карата уюштурулган кыргыз-казак эл аралык айтышынан кийин кыргыз төкмөлөрү калыстардын дарегине карата нааразылык айтып чыгышкан. Төкмөлүк өнөргө келгендердин ат көтөргүс амбициясы көңүлүнө көк таштай тийгенби, анан, аларга жооп кылып, төкмө ырчылардын өнөрканасын жакындан билген, өз мезгилинде аларга кеп-кеңешин берип жүргөн жазма акын Олжобай Шакир: “…быйылкы көчмөндөр оюнуна карата уюшулган төкмө ырчылар арасында ырбаган ыр-чыр жамы журтка маалым. …Сөздүн туурасын айткан кишини душманга айлантып алгандар бар.

Быйылкы көчмөндөр оюнуна төкмөлөрдү тандоо да ошондой болду. Айтыштын жыйынтыгында калыстар курамы элге суук тумшук көрүнүп чыга келдик. Эмесе кепти дал ошол бизди – калыстарды элге суук тумшук көрсөткөн кокуйдан баштайын. Айтылаар кептин максаты – айыгып калган жараатты кайра тырмоо эмес.

Калыстардын дарегине акаарат айткандарга да каяша кайтаргандагым эмес. Кимдир бирөөнү душман санап кекенгенден улам чыккан да кеп эмес. Түшүнгөн кишиге – оозеки чыгармачылыкты мындан да жогорку бийиктикке канткенде чыгарууга мүмкүн деген такилип таштагым бар.

Аныгында быйылкы айтыш сынагында элдик өнөр, элдик наркты байыстуу тутунат деген өнөрпоздор арасында бузук иш болду. Интрига казаны боркулдаган канчалаган чыгармачыл уюмдар бар, ошолорго салыштырмалуу «Айтыш» коомдук фонду башкалар үлгү тутаар мектеп болууга тийиш эле. Байтактуу өнөр ээси саналчу манасчылык менен төкмөлүк өнөр көөдөнүнө уюган адамдар коом алдында өздөрүн мартабалуу тутунса, пендечиликтен жогору турса, дидаарында элдик каада күтүп, элдик уюткуну иритпей-чиритпей жүрүшсө кандай ийги!

“Эгерде азыркы төкмө ырчыларыбызды чындап иргей келгенде, дээрлик көпчүлүгү жамакчылык деңгээлден ашпайт, бирок муну моюндагылары келбейт. Теригишет. Көбүнүн көөдөнү көктө, жерге түшкүлөрү жок” – деп айтылбай келаткан чындыкты айткан. “Төкмө ырчылардын дымагы жана сынагы” деп катар-катар беш макала жазган. “Албетте, калыстар курамына болгон нааразычылыктар быйыл эле боло калган жок. Мага окшогон «сыңар өтүгү майрыктарга» тургай Салижан Жигитов, Бексултан Жакиев, Дастан Сарыгулов, Балбай Алагушев өңдүү сөздүн көлөкө, жарыгын ажыраткан аксакалдардан калыстар курамы түзүлгөн учурларда деле эл арасында «калыстар калпыстык кылган үчүн баландай төкмө байге албай калды» деген апаздагы күңк-мыңк нааразылыктар болуп келген. Болбой койчубу, кыргыз бар жерде. Кыргыз кыңкылдап-мыңкылдаганын качан коюп келди эле…”, – деп өктөө сөзүн кайра-кайра кайталаган.

Олжобай Шакирди жакшы билебиз. Болгонун болгондой, көргөнүн көргөндөй айтат, бурмалабайт, ашөпкө сөздөрдү да кошпойт, кемитип да айтпайт. Олжобай Шакир чыгармачылык адам, өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында, 90-жылдардын башында кыргыз поэзия өнөрүнө өзүнүн канаттуу ырлары, капилет салыштыруулары, таасын ойлору, талашсыз табылгалары менен, лирик акын катары келген.

Бүгүн таланттуу акын гана болуп жетилбестен, кара сөздүн чебери экенин да тастыктап, “Куюн доор” аттуу роман жазып, окурмандардын жылуу сөзүнө арзып отурат. Ал төкмөлүк өнөрдү баалаган, анын эртеңкисин ойлогон адам, ырасында, анын төкмөлүк өнөр жана кыргыз төкмөлөрүнүн соңку мууну тууралуу айткандары ич күйдүлүктөн айткан сөз эмес, күйгөндөн айткан сөз болчу.

Тилиң бош болсо, тишиңе ишенбе

Быйыл да Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө жана Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган кыргыз-казак XI эл аралык айтышы болду. Айтыш бүтүпбүтпөй эл арасында ар кандай сөздөр менен коштолду. Ушул айтыштын жүрүшү, ага катышкан төкмөлөр тууралуу дагы бир жазма акын Жыргалбек Касаболотов “Айткандарым бирине жагаар, бирине жакпас, бирок сөздү учуру келгенде айтпаса атасы өлөт” деп ошол айтыштын калысы катары “уюштуруучуларга жана калыстар тобуна коюлуп жаткан дооматтарга” карата өзүнүн калыс (!) пикирин жазып чыкты.

Жыргалбек Касаболотов да өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягы 90-жылдардын башында кыргыз улуттук поэзиясына өз үнү, өз сөзү, өз стили, башкалардан ат чабым алыс ой жүгүртүүсү, терең философиялуу көз караштары менен келген акындарыбыздын бири. Мүмкүн, анын наамы жоктур, балким алган сыйлыктары жоктур. Бирок, анын өзү Ж.Касаболотов акын катары кадырын кемитпейт, деңгээлин төмөндөтпөйт, эгер төкмө акындардын жамагын эмес, чыныгы поэзиянын кайталангыс үлгүлөрүн

баалаган заман болгондо, Ж.Касаболотовго, ошол эле Олжобай Шакирге капкачан эле Кыргыз эл акыны наамын берип, алаканга салып көкөлөтүп алсак жарашмак. Кыл табып адамдын тамырын бир кармап, анын соо же эмне илдети бар экенин айттырбай билгендей, Жыргалбек Касаболотов поэзиянын тазалыгы үчүн күйгөн, ырдын табиятын түшүнгөн, халтураны укса, окуса, дароо бетке чаап айткан, чындыкты түз айткан акындардан. Демек, поэзияны түшүнгөн акын төкмөлөрдүн жамагын түшүнбөйт дегенде болбойт, түшүнөт, болгондо да калетсиз түшүнөт.

Биздин оюбузча, ал ырчы Идирис Айтибаевге карата калыс эле пикирин айтыптыр. Төкмөлүк өнөрдүн тазалыгы, чынчылдыгы, калыстыгы үчүн күйгөн адам катары, биз да И.Айтибаев катышкан айтыштарды үзбөй көрүп, угуп келатабыз. Ырас, анын уйкаштыктары шыдыр, кысталышта капилеттен сөз таап, каршылашынын сөз тузагынан чыгып кеткен, болбосо, өзү башкаларды сөз менен тузактап, жарга такап, тилин байлаган учурлар жок эмес. Ал бир эмес, бир нече тилде сөз жамактап, уйкаштыра билет, анысын угуп жүрөбүз. Бул мүмкүн И.Айтибаевдин артыкчылыгы чыгар, бирок, төкмөлүк өнөр кыргыз менен казакка гана таандык өнөр экенин эстен чыгарбаган оң. Муну Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө жана Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган кыргыз-казак XI эл аралык айтышында казактын ырчы кызы Сара Токтомушева туура эскертти. Мейли, аны айтпаганда Идирис Айтибаев жарым финалдык жана финалдык айтыштарда өзүн көрсөтө алган жок. Анын: “тээ гунндардан келаткан Атилла менмин, Кан Манастын өзүмүн, андан берки Барсбекмин, андан берки Тагай биймин” деген дымагына каршы эмеспиз.

Бала күндө өзүбүздү Манаска, Алманбетке, Бакайга, Сыргакка салыштырган күндөрүбүз болгон. Ал салыштырууну Идиристин “балалык кыялы” катары кабыл алсак болот. Бирок, финалдык айтышта Сара Токтомушевага карата “кеч калыптырмын, мага тийишкиң эле келип турат, мен сени алсам айтышка жибербейт болчумун, көйнөгүмдү жуумаксың, эмгиче жети жылда менден жети бала туумаксың” деп калжыңдаганы өтө уят нерсе болду. Кечиримсиз эссиздик десек болот. Бул эмне деген пассыздык?! Эмне деген мажирөөлүк!?

Кайран ыр, кайран сөз И.Айтибаевге тебеленген. Ишенесизби, угубатып башыбыз жерге кирди. Жүрөгү назик аялзаты болсо да, Сара Токтомушева кыйын экен. Аялзатына тийиштүү акылы бийик парасатынан, эркектин мажирөөлүгүн укмаксанга салган айкөлдүгүнөн жазган жок. Терең да, салмактуу ойлорду ырга кошуп, ичи миң кайрылса да, ажыккыз сөзгө басынганын билгизбей, көккө көкөлөп чыгып кетти.

Бул жолку жарым финалдык, финалдык айтышта Асылбек Маратов гана башка кыргыз төкмө ырчыларына салыштырмалуу дурус айтышты. А казак акындарын айтсак, жарым финал, финалга чыкпай калгандарынын ырдаган ырларынын салмагы Болот Назаров, Идирис Айтибаев жана Амантай Кутманалиевдин ырларынан салмактуураак болду.

Бала бакчага айланган аткана, музейге айланган даараткана

Эгер, жалпысынан кыргыз менен казак төкмө ырчыларынын деңгээлин салыштыра келсек, казак төкмөлөрү кыргыздын төкмө ырчыларынан бир тебетей өйдө турат десек эч жаңылышпайбыз. Кыргыздын келини, казактын кызы Майра Керим кызынын чыгармачылыгы эле буга эң сонун мисал боло алат. Казак акындары казактын учу-кыйрына көз жеткис талаасындай дайыма бир калыпта, бир сынынан бузулбай ырдашат. А биздин акындар тоону айтып келатып эле, ойго кантип “күп” деп кулап түшкөнүн байкабай калат.

“Айтыш” фонду, анын негиздөөчүсү Садык Шер Нияз төкмөлүк өнөрдү жана төкмөлөрдү колдон келишинче колдоп, байге фондун 500 миң сомдон кемитпей материалдык жана моралдык жактан колдоп эле келатат. Байге фонду 5 миллион сом болгон айтыштар да болду. Тилекке каршы, байге фондун 5 миллионго көтөргөн менен, кыргыз төкмөлөрү жамакчылыктан өйдө көтөрүлбөй койду. Сыягы, кеп акчада деле эмес окшойт. Ушерден аргасыз, Кыргызстанда төрөлүп, Казакстанда чоңойгон жаш төкмө Жалгас Садыр уулу эске түшөт.

Сөөгү кыргыз болсо да, эти казак болуп, кичинесинен кошуна өлкөдө жашаганга тили бурулуп, казакча сүйлөп, казакча төгөт экен. Эми ырын угуп отурсаң, тимеле керемет. “Фальш” жок:

“Кыргызда туулдум, казакта өстүм казак болуп,

Паспортум жок келемин элге мазак болуп.

Бу өмүрдө бар менен жогум беймаалым,

Мен өзүм киммин, кай улутка жатам, кайдамын?

Казак да болуп, кыргыз да болуп көрүнөм,

Капкара болуп алдында турсам айнанын (күзгүнүн).

Колго бир түшкөн калмактын уулу шекилдүү,

Туулгандан бери казактын малын айдадым.

Мал багып жүрүп терең бир ойго кетемин,

Терең ой менен теңселип үйгө жетемин.

Айтышка кээде арсар дем менен барганда,

Паспортсуз экем, амалым канча нетемин?

Казак да болбой, кыргыз да болбой ич күйүп,

Аңгырап, ыйлап айылга кайтып кетемин.

Мал багып жүрүп табын көрбөй жылуу үйдүн,

Ай талаада ач карышкырдай улуймун.

Туш тарабым аңыракай талаа, ай талаа,

Мал багып жүрөт деди эл оозу кай бала?

Күлүгүн минип, кулунун байлап жүргөн соң

«Сен жакшы» болдум кедейине да, байга да”.

Бүтүндөй арманын сегиз сап ырга батырып, киндик кан тамган айылынан алыста, оор жашоону башынан кечирсе да, турмуштун ачуу-таттуу күндөрүндө сынып калбай, таасын төкмө болуптур. Биздегидей болуп, “Айтыш” фонду канатына калкалабаса да, акындык дарамети биздеги тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбаган төкмө ырчыларыбыздан он эсе жогору экен. “Айтыш” фонду түзгөн 15 жылдан берки төкмөлөрдү эки чайнап, бир жутуп койчудай. Мындан бир гана тыянак чыгарсак болот, төкмөлөрдүн акындык дараметин акча өстүрбөйт, канчалык өргө сүйрөсө да болбой, артка кетенчиктеген интеллектуалдык жана адамгерчилик деңгээлди миллиондор көтөрбөйт.

Бүгүн кыргыз төкмөлөрүнүн сүрмө тобунун алдында акындык өнөрдүн баркы жана наркы канча деген суроо туулат? Алар казак акындары менен айтышып жатканда эл башын жерге салбасын десе, анда Теңир берген касиетти кастарлап, аздектеп күткөнү оң. Болбосо, элди уят кылып, ырдабай койгондору эле дурус. Эгер, кыргыз төкмөлөрү элдин башын жерге салдырып уят кыла берсе, айтыш өткөрүп кереги барбы?

One thought on “Төкмөлүк өнөрдүн баркы жана наркы

Комментарии закрыты.