Ысык-Көлдө төрт адам унаа кырсыгындагы өрттөн каза тапты

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынын натыйжасында 4 адам күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 04:27 чамасында Балыкчы-Каракол жолунун 112 чакырымында жол кырсыгы катталган. “Лексус-300” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, тоголуп өрттөнүп кеткен.

Өрттү өчүрүү үчүн бир өрт өчүрүүчү топ жана куткаруучулар тартылды. Өрт 05:30 өчүрүлгөн. Жол кырсыгынын натыйжасында натыйжасында 4 адам каза болду. Каза болгондордун өздүгү такталууда.