Түбөлүктүү кошуналардын түбөлүк достук кызматташтыгынын жаңы доору

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


5-сентябрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Улуу даражалуу мейманды КР Президенти Алмазбек Атамбаев расмий тосуп алып, флагштоктордо эки өлкөнүн мамлекеттик желектери көтөрүлүп, Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Жылдап күткөн бир күн

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары оболу, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында тар курамда жолугушту. Президент А.Атамбаев Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевду жылуу кабыл алып, бул мамлекеттик сапар эки өлкөнүн элдери үчүн тарыхый окуя экендигин белгилеп: “Бул окуяны элдерибиз 20 жылдан ашуун күткөн эле. Шавкат Миромоновичтин Кыргызстанга бүгүнкү мамлекеттик сапары көп маселелердин башын ачат жана чындыгында боордош элдердин мамилелериндеги жаңы доорду баштаганы турат. Мен Сизди көргөнүмө абдан кубанычтамын жана Сиз чакыруумду кабыл алганыңызга абдан ыраазымын”, – деди өзүнүн сөзүндө.

Өз кезегинде Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев да бул күн тарыхый күн экенин белгилеп: “25 жылдын аралыгында көп маселелер чечилгенсип эле келген, бирок достук мамиледеги эки эл үчүн керектүү нукта чечилбептир. Самарканддагы жолугушуубуздун духу биздин жаңы өз ара мамилебиздин негизин түздү, ошол күндөн тартып биз кызматташып, ошол күндөн тартып жолугушуулар өткөрүлүп, жолубуз ачылды. Элдерибиз бул күндү жылдап күтүшкөн”, – деп Президент Алмазбек Атамбаевге мамлекеттик сапар менен келип кетүү тууралуу чакыруу жолдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Өзбекстандын Президенти Кыргызстандын делегациясынын Өзбекстанга, Өзбекстан делегациясынын Кыргызстанга сапарларын эске салды. “Алгачкы делегация Өзбекстанга келгенде Ферганада, Анжиянда, Наманганда бардыгы бул тарыхый күндү кубаныч менен тосуп жатышты. Анткени эгерде биз бардыгын өз ордуна келтирбесек, бизди тарых кечирмек эмес. Улуу Чыңгыз Айтматов айтмакчы биздин элдердин каны бир, бир тилде сүйлөйт. Бул баарын туюндуруп жатпайбы, биз мунун баарын турмушка ашырууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиздин, жаңы жетекчиликтин стратегиясы – тышкы саясатта кошуналар менен жакындашуу. Кыргызстан стратегиялык өнөктөш, тышкы саясат багытында кыска мезгилдин ичинде бардыгын биз тарых алдында туура жооп бергидей жасадык. Бүгүнкү жолугушуу – эки Президенттин эрки. Бүгүн – тарыхый күн. Тарыхый күнү биз чек аралар боюнча макулдашууга кол койгону жатабыз. Бардыгы мурдагы эле калыбында калышы дагы мүмкүн эле, бирок биз чек араны достуктун чек арасына айландыралы деп чечтик”, – деди Шавкат Мирзиёев.

Парламенттик байланыштарды, элдик дипломатияны чыңдоо зарылдыгын белгилеп, мамлекеттик делегациянын курамында биринчи жолу Өзбекстандын чек арага канатташ шаарлардын жана Ташкендин жетекчилери – төрт аким келгенин айткан кошуна өлкөнүн мамлекет башчысы: “Биздин губернаторлор, акимдер бардык маселелерди өздөрү чечишин каалайм. Биз алар бардык маселелерди борбордон көрсөтмө күтпөстөн өздөрү чечиш үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Ошондой эле биздин делегацияны ишкерлердин жоон тобу коштоп келди. Биз менен кошо Өзбекстандын товар өндүрүүчүлөрүнүн төрагасы кошо келди.

Анткени биз аларга чоң укуктарды бердик, жаңы токтомдор, жарлыктар чыкты. Азыр алар көп ишти өз алдынча жасай алат. Кыргызстандын ишкерлери да, Өзбекстандын ишкерлери дагы эч кандай тоскоолдуксуз жолугушун каалайм. Эгерде биз аларга тоскоолдук кылбасак алар бардыгын өздөрү жасайт.

Жаштардын жаўы Өкмөтү «Жаңы доорго кырк кадам» менен аттанды

Мен буга ишенем. Бүгүн чоң бизнес-форум өттү. Биз биргелешип ишканаларыбыздын атаандашуу мүмкүнчүлүгүн арттырып, башка өлкөлөрдүн рынокторуна чыга алабыз. Аны үчүн бизде бардык шарттар бар”, – деп эки тараптуу байланыштардын келечегине ишенимин билдирди.

Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунун эки мамлекет үчүн маанисин баса белгилеп: “Бул тарыхый күн жыл санап Кыргызстан менен Өзбекстандын элдери татыктуу баалагыдай конкреттүү иштер менен толуктала бериши үчүн биз бардыгын жасашыбыз керек. Бизди эл гана баалай алат.

Элдин баасында биз ата-бабаларыбыз тарабынан көрсөтүлгөн тарых боюнча жашай баштадык деген сөздөр айтылышын каалар элем. Биздин тарыхыбызда биргелешкен нерселер абдан көп. Биз элдерибиз алдыга коюп жаткан чектерге биргелешпей эч качан жете албайбыз. Биз биргелешип, тынчтыкта, ынтымакта, бири бирибизди урматтап, турмуш алдыга коюп жаткан милдеттерди ишке ашыра алабыз”, – деген Өзбекстандын Президенти жолугушуунун жүрүшүндө: “Эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын кадырбаркы мурда болуп көрбөгүдөй өстү. Алмазбек Шаршенович камсыз кылган туруктуулук көп нерседен кабар берип турат. Мен кошуна, достук мамиледеги өлкөнүн жетекчиси катары Кыргызстандын ийгиликтерине кубанам, сыймыктанам, Өзбекстандын эли дагы абдан кубанып жатат. Ушул кубаныч узакка созулуп, түбөлүк болушу үчүн биргелешкен ишке биз бардык күч аракетти жумшайбыз”, – деп Президент А.Атамбаевдин жетекчилиги алдында 5 жылдын аралыгында республикада абдан көп иштер аткарылгандыгына да токтолуп өттү.

Түбөлүктүү кошуналардын түбөлүк достугун бекемдеген жолугушуулар

Эки тараптуу байланыштардын бүгүнкү деңгээлине жетишине Президент А.Атамбаев менен Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун 2016-жылдын 24-июнундагы ШКУнун саммити алкагындагы жана 2016-жылдын 24-декабрындагы Самарканддагы эки тараптуу жолугушууларда жетишилген макулдашуулар бүгүнкү эки мамлекет ортосундагы өз ара тыгыз алакаларга жана өз ара пайдалуу мамилелерге негиз болгон. Ал эми Шавкат Мирзиёевдин Өзбекстандын Президенти болуп шайланышы менен кыргыз-өзбек эки тараптуу байланыштары жаңы дем алып, конструктивдүү диалог Түбөлүк достук жөнүндө келишимге негизделген өз ара пайдалуу кызматташтыктын духунда уланды.

2017-жылдын 8-9-июлунда ШКУнун Астана шаарында өткөн саммитинин аянтында Президент А.Атамбаев менен Президент Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу жолугушуусу өтүп, анда Самаркандда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланып, ошондой эле узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү пландар белгиленди.

Чек ара кызматташтыгы тууралуу айтсак, Кыргызстан менен Өзбекстандын өкүлдөрү 2016-жылдын октябрында Өзбекстандын Андижан шаарына жана Кыргызстандын Ош шаарына бири-бирине достук сапар менен болуп кайтышты. Бул достук сапары Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын башчылары менен Андижан, Наманган жана Фергана облустарынын жетекчилеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүн уюштурууга мүмкүндүк берди. Эки тараптуу кызматташтык багытындагы сүйлөшүүлөр КР биринчи вице-премьер-министринин жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басарынын башчылыгында өттү.

Чек ара кызматташтыгын чыңдоо жана өнүктүрүү максатында үстүбүздөгү жылдын 10-августунда Ош шаарынын мэринин Андижан шаарына иш сапары болуп, анын жүрүшүндө эки шаардын бизнес-чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда бизнес-форум өткөрүлдү. Кыргыз боз үйүн Андижан областынын улуттук борборуна берүүгө байланышкан салтанат болду. Ошондой эле эки өлкөнүн министрлик жана ведомстволорунун багыты боюнча туруктуу жолугушуулар өтүүдө.

Туризм багытындагы кызматташтык өнүктүрүү максатында үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда Ташкент-Тамчы багыты боюнча чартердик рейстин жайкы сезонго карата расмий ачылышы да болгону белгилүү.

Ал эми ушул эле жылдын 28-июлунда эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда өзбек тараптын эсебинен Ош шаарында жалпыга билим берүүчү мектепти куруу тууралуу макулдашууга кол коюлганын белгилеп кетүүбүз керек. 630 окуучуга эсептелген бул мектеп жакынкы аралыкта эле курулуп бүтөрү күтүлүүдө. Кыскасы, мына ушул жогоруда айтылгандардын баары кызматташтыктын бардык багыттары боюнча мамилелерди чыңдоого болгон тараптардын аракеттерин тастыктап турат.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жаңы доору башталды

«Датка-Кемин» улуттук энергетиканын көз карандысыздыгынын тиреги

Ошол эле күнү, Президент А.Атамбаев менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. “Өзбекстан Республикасынын Президентинин бүгүнкү мамлекеттик сапары боордош эки өлкөнүн, эгемендүү эки республиканын мамилелериндеги жаңы доорду ачып жатат. Өзбекстан Борбордук Азиядагы бардык өлкөлөр менен чектеш жалгыз өлкө. Урматтуу Шавкат Миромонович, сиз Президент болгон бир жылга жетпеген мезгилдин аралыгында бардык кошуна республикалар менен мамилелерди кескин жакшыртууга жетишкениңизди көрүп турабыз. Бул жалпы аймактагы саясий кырдаалга жакшы таасирин тийгизди”, – деп кошуна өлкөнүн мамлекет башчысына болгон сыйын билдирген Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын экономикасындагы жана саясатындагы прогрессивдүү реформаларга көз салуу менен, жакынкы аралыкта өлкө Борбордук Азиянын географиялык гана эмес, экономикалык, соода жана саясий борборуна айланарына көбүрөөк ынана баштагандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Өзбекстандын Президенти: “Бул жакындашууларда менин досум, бир тууганым Алмазбек Шаршенович зор роль ойноду. Самарканддагы жолугушууда биз бардыгын ачык-айрым сүйлөштүк. Бүгүн биз эң жакын досторубуздун кучагындабыз, боордош элдин кучагындабыз”, – деп меймандостук жылуу мамиле үчүн ыраазычылык билдирүү менен, “Кыска мезгилдин аралыгында биз соода-экономикалык байланыштардагы көрсөткүчтөрдү сезилерлик жакшыртууга жетише алдык. Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 500 млн. долларга көтөрөлү деген пландар бар. Ошону менен катар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун жана Анжиян – Ош – Кашкар автожолунун курулушун тездетүү тууралуу макулдашууга жетиштик”, – деди. Анын ынанымында, эки өлкөнүн өз ара мамилелеринде маданий-гуманитардык алакаларында олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар.

Кызматташтыктын түркүгүнө айланчу макулдашуулар

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Президент А.Атамбаев жана Президент Ш.Мирзиёев Биргелешкен билдирүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасы жөнүндө Келишимге кол коюшту.

Мамлекет башчыларынын катышуусунда: КР Жогорку Кеңешинин жана Өзбекстан Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга; КР Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык жана салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча өз ара жардамдашуу жөнүндө Макулдашууга; КР Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлчүлүктөрүнүн ишмердиги жөнүндө Макулдашууга; КР Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашууга жана башка расмий документтер кабыл алынды жана кол коюлду.

Биз бул тарыхый күндү мүмкүн болушунча жакындаттык

КР Президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев басма сөз үчүн билдирүү жасашты. Президент Алмазбек Атамбаев: “Бул тарыхый күндү жакындатууда Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин эмгеги зор. Ал мени бир тууганым дегендей эле, мен дагы аны бир тууганым дейм. Өлкөлөрүбүз ортосунда бир туугандык мамилелер болушу керек. Эки өлкөнүн ортосунда көп проблемалар, тоскоолдуктар болгон, бирок алар чечилип келген. Бүгүн биз бардык маселелер боюнча толугу менен өз ара түшүнүшүүгө жетиштик”, – деп билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев октябрь айына пландаштырылган сапарына чейин 5-сентябрда кол коюлган келишимдерди ишке ашыруу зарыл экендигин белгилейт. Мамлекет башчы: “Биздин чек араларыбыз эл эркин катташкыдай максималдуу ачык болушу керек. Чек араларыбыз араздашуунун чек арасы болбостон, жакшы коңшулаштыктын, достуктун дарбазасына айланууга тийиш” деген бекем ишенимде.

“Шавкат Мирзиёев иштегенине бир жылга жетпеген мезгилде Өзбекстандын экономикасында жана саясатта радикалдуу өзгөрүүлөр, прогрессивдүү реформалар болду. Шавкат Мирзиёев бардык коңшулаш мамлекеттер менен мамилени жакшыртты. Мындай ыргак менен Борбордук Азиянын географиялык борбору болуп саналган Өзбекстан соода, экономикалык, саясий борборуна айланаарын көрүп турам. Бүгүн мен биздин ортобузда чечилбей турган эч бир маселе жок экендигине дагы бир ирет ынандым. Каалоо болсо, Өзбекстанда дагы, Кыргызстанда дагы көп жыл күткөн Шавкат Миромонович сыяктуу прогрессивдүү лидер болсо, бардыгы чечилет экен”, – деди Алмазбек Атамбаев.

Эки өлкөнүн лидери “Ала-Арчада” мамлекеттик резиденциясында жолугушкан күн тарыхый күн экенин белгилеген Шавкат Мирзиёев: “Алмазбек Шаршенович экөөбүз бул күндү мүмкүн болушунча жакындаттык. Биз Самаркандда жолукканда ортобузда абдан ачык жана адил сөз болду. Биз ага чейин да жолукканбыз жана бири-бирибизди жакшы түшүнчүбүз. Премьер-министр болуп иштеп турганда да биз көп сүйлөшчүбүз. Биздин колубуздан көп нерсе келип турган бүгүнкү күнгө бизди Кудай жеткирди”, – деди.

Артка чегингис позиция, эки тараптуу мамилелердеги бурулуштар, жагымдуу өзгөрүүлөр, экономикага инвестиция…

Анан соң чек ара маселесине кайрылып: «Алмазбек Шаршенович жолугушуу учурунда тийиштүү ведомстволорго экөөбүздүн Ташкенттеги жолугушуубузга чейин чек аранын калган бөлүгүн баяндап жазууну тапшырды. Чынында аз эле калды, биз бир жылдын ичинде чек аранын 80 пайыздан көбүн баяндап жазып бүтүп койдук. Аракет кылсак, калганын да бүтөбүз деп ойлойм. Айрым кууш, аяр маселелер боюнча адегенде Алмазбек Шаршенович экөөбүз талкуулап, бир бүтүмгө келдик. 20 жылдан бери чечилбей келаткан маселелерди биз чечебиз. Биздин элдерибиз үчүн бул маселени чечишибиз керек. Биздин мамилелерге биз өтө чоң маани беребиз жана келечекти чоң ишеним менен баалайбыз», – деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстан Президенти белгилегендей, эки өлкө бул күнгө абдан кылдаттык, сабырдуулук менен келди, анткени бул маселеде кызуулукка орун болбошу керек, бул маселеде акыл-эстүүлүк зарыл. “Бул ишти улантууга бизде саясий эрк бар. Кыска мезгил аралыгында Алмазбек Шаршенович өлкөдө туруктуулукту орнотуу үчүн көп иштерди жасады. Кошуна катары биз буга кубанычтабыз. Эгерде ортобузда достук болбосо, бизге да, силерге да эч убакта жакшы болбойт. Биз бүгүн айтып жаткандар – бул коопсуздук маселеси. Мен бул чек ара достуктун чек арасы болушун каалайм», – деди Шавкат Мирзиёев.

Кошуна өлкөнүн лидери суу ресурстары боюнча да, Анжиян-Ош- Кашкар автожолунун курулушу боюнча да, ошондой эле Кыргызстандагы гидроэлектрстанциялардын курулушу боюнча да олуттуу макулдашууларга жетишилгенин белгиледи. “Биз бул иштерге, анын ичинде финансылык жактан да, эң активдүү катышууга даярбыз. Биз баарын ар тараптан салмактап, эки тарапка тең пайдалуу болгондой кылышыбыз керек. Ал эми Камбар-Атаны куруу бизге керек, бул станция керек», – деген Шавкат Мирзиёев сөзүнүн аягында А.Атамбаевдин президенттиги учурунда, ушул кыска мөөнөттө Кыргызстанда абалды турукташтыруу үчүн көп нерселер жасалганын дагы бир жолу белгилеп келип: “Ал өлкөнү кандай абалда кабыл алганын да, президенттик мөөнөтүн кандай аяктап жатканын да мен жакшы билем. Ал өз мөөнөтүн сыймыктуу, элдин ишенимине арзуу менен аяктап жатат.

Эл туруктуулукта, коопсуз турмушта жашап, экономика өнүгүп, Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркы улам өсүп баратат. Бул реалдуу нерсе, биз муну болгонун болгондой кабыл алышыбыз керек. Биз коңшу өлкөлөрдө буга кубанып жатабыз”, – деп Кыргызстандын лидерине болгон сый-сыпатын билдирди. Басма сөз үчүн билдирүүнү жыйынтыктап жатып, Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстан менен достукка алынган багыт мындан ары улантылаарына ишендирди.