Премьер-министр согуш ардагерин куттуктады

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков майрамдын алдында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Токбай айылынын тургуну Сардарбек Акылбековго барды. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Анда өкмөт башчы ардагерди Улуу Жеңиштин 72-жылдыгы менен куттуктап, бекем ден-соолук, ийгилик жана ачык асман каалады.

«1942-жылы 18 жаш курагыңызда кандуу согушка аттанып, андагы миллиондогон адамдардын, анын ичинде биздин мекендештердин өмүрүн алган бардык оор учурду баштан өткөрдүңүз. Сиздердин тайманбастыгыңыздардан 1945-жылдын 9-майы миллиондогон жарандар үчүн эң маанилүү күн катары тарыхта калды», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал Өкмөт Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жакшы шарт түзүү үчүн  ар тараптан колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи жана Сардарбек Акылбековго премьер-министрдин резервдик фондунан материалдык жардам берилди.

Эске сала кетсек, Сардарбек Акылбеков «Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени», «Германияны жеңгендиги үчүн» медалынын жана ошондой эле бири катар медалдардын ээси, эмгектин ардагери.