ЖаңылыктарТуризм

1500 туристтик жай бирдиктүү базага кирди 

Кыргызстанда чет элдик меймандарды кызыктырган жерлердин реестри түзүлдү.

Өлкөдөгү жаратылышы кооз, тарыхый эстеликтери бар аймактарды инвентаризациялоонун алкагында 1500 жай автоматташтырылган бирдиктүү маалымат базасына кирди. Быйыл туризмди өнүктүрүүгө мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. сом каралып, ал үчүн атайын фонд түзүлгөн. Фонддун эсебинен эксперттер, гиддер, археологдор туристтерди кызыктыра турган бардык жерлерге барышып, бир нече ай бою көптөгөн маалымат жыйнап келишкен. Ар бир объектини сүрөткө тартып, географиялык координаттарын чогултушкан. Жакынкы келечекте мындай иштер дагы кеңейтилет. Ушул маалыматтар visitkyrgyz.com сайтына жүктөлдү. Бул тууралуу Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директору Елена Калашникова билдиргендей, Кыргызстандын инстаграмдагы Visit Kyrgyz Republic баракчасы ишке киргизилген эки айдын ичинде ага катталган абоненттер 33 900гө жетти.

0 Поделились