11-сентябрга карата аба ырайы

11-сентябрда Кыргызстандын кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;

Суусамыр өрөөнүндө -2…+3, күндүз 18…23;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…18, күндүз 24…29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13;

11 сентябрда Бишкек шаарында жаан жаашы, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 25…27°.