Ысык-Көлдө 4-5га кургак чөп күйгөн

 2017-жылдын 10-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айыл аймагына караштуу тоодо Григорьевка капчыгайында өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен болжол менен 4-5га кургак чөп күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүү үчүн КР ӨКМнин №33 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 12 куткаруучу, КР ӨКМнин №35 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 12 куткаруучу, КР ӨКМнин №31 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 19 куткаруучу, токой чарбасы жана айыл аймагынан 20 киши тартылган.    

Саат 21:00гө чейин өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүп 1га жердеги өрт чектөөгө алынды. Түн киргенине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери убактылуу токтотулуп, 11-сентябрь таңкы саат 06:30да өрттү өчүрүү иштери кайра улантылды.