Ботаникалык бакта ишембилик өткөрүлөт

Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бакта 16-сентябрь күнү ишембилик болот. Ботаникалык бактын аянты тазалангандан тышкары ар кандай артобъектилер менен кооздолуп, куураган чөп менен жалбырактардан тазаланат.

Ишембилик саат 10.00дөн 13.00гө чейин уланмакчы.

Иш-чарага бардык каалоочулар чакырылат.