Президенттен тогуз студент стипендия алды


Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов түз эфирде Президенттин “Эл үмүтү” стипендиясын алууга тогуз студент тандалганын билдирди.

Анын айтымында, «Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу жүргүзүлүп, анын негизинде тогуз талапкер аныкталган. Аларга 30 млн сомдон ашык суммага стипендия берилди. Аталган магистранттар Колумбия, Стэнфорд, Лондон, Пенсильвания, Копенгаген, Жон Хопкинс, Техас университеттерине өтүшкөн. Кийинки жылы дагы стипендияларды бергенге даярбыз”, — деди министр.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-майында президент Садыр Жапаров “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын уюштурууга кол койгон. Ага ылайык, дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн кыргызстандыктарга стипендия төлөнө баштайт.

0 Поделились