Шахмат боюнча алтын медаль алган Элдияр Орозбеков

Кыргызстандык шахматчы Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Турнирге жалпысынан 11 өлкөдөн командалар катышты. Алар:
Кыргызстан, Иран, Индия, Индонезия, Филиппин, Малайзия, Вьетнам, Казакстан, Гуам, Монголия жана Япония.

Азия чемпионаты 17-26-ноябрь күндөрү Филиппиндин Тагатай шаарында 20 жашка чейинки жаштар арасында өттү.

Мелдешке Кыргызстандын атынан Элдияр Орозбаев катышып, бир алтын жана эки күмүш медаль тагынды. Ал 16 жашка чейинкилер арасында (U-16) шахматтын рапид түрү боюнча алтын медаль, ошондой эле 20 жашка чейинки уландар арасында күмүш медаль жана 16 жашка чейинкилер арасында шахматтын классикалык түрү боюнча күмүш медалдын ээси болду.

0 Поделились