Нурланбек ШАКИЕВ: «Сөздөн ишке өтчү мезгил келди»

Биринчи Элдик Курултайга катышкан Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев өз сөзүндө Курултайдын макамы баш мыйзамда белгиленгенин айтты.

“Жыйындагы башкы маселе айтылган сөздөрдүн маани-маңызында. Эгерде биз кайра эле майда-барат, күндөлүк сөздөргө өтсөк, бул Курултайдын башка жыйындардан эч айырмасы болбой калат. Андыктан ааламдашкан доордо 7 млн. калкыбыздын мындан аркы тагдыры, орду, дүйнөлүк чакырыктардагы кыргыз элинин үнү кандай болорун кеп кылганыбыз туура”, – деди Төрага.

Ошондой эле ал, Жогорку Кеңеш жакынкы аралыкта Конституцияга ылайык Курултайдын макамына байланышкан мыйзам долбоорун карай тургандыгын билдирди.

“Парламентибиз мамлекетибиз үчүн маанилүү маселелелер талкууланган башкы аянтча катары кызмат кылып келет. Албетте Жогорку Кеңештин ишине карата түрдүү сындар айтылат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок элибиздин биримдигине, журтубуздун бүтүндүгүнө багытталган демилгелерди колдоп, керектүү мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Алардын санына эмес, сапатына көңүл буруп, келечек үчүн керектүүсүнө басым жасоо башкы максатыбыз. Жакында эле чек ара маселесине тиешелүү чечимдерди айтылган сындарга, каралоолорго карабай колдоп бердик. Бирок кабыл алынган чечим бүгүнкү күн үчүн эле эмес, эртеңки келечек үчүн маанилүү экени анык”, – деди Төрага.

Мындан тышкары саламаттык сактоо, билим берүү, сот адилеттиги тууралуу олуттуу ойлорун билдирди.

“Анткени билимдүү эл, билимдүү улут бакубат өлкөнү жаратат. Мугалимдердин айлык маянасынын көтөрүлүшү бул жааттагы реформалардын алгачкы башаты. Мындан ары реформаларды өнүктүрүп, жаңы багыттардагы демилгелерди ишке ашыруубуз зарыл. Ошондой эле сот реформасын да тездетип, аягына чыгарышыбыз керек. Муну жалпы эл күтүүдө. Андан сырткары, саламаттыкты сактоо тармагын да реформалоо учур талабы. Дени сак эл болмоюнча, мамлекетибиздин келечеги күмөн. Ушул реформалар аркылуу билимдүү, адилеттүү, саламат коомду курабыз”, – деди Н. Шакиев.

Улуттук идеология  тууралуу: “Идеология асмандагы ай же жердеги алтын эмес. Идеология ар бир жарандын жүрөгүндө жашаган эл-жерди сүйүү жана мекенчилдик сезим. Мына ушул жагдай идеологиянын негизин түзүш керек”, – деп баса белгиледи.

Муну менен катар мамлекеттик тил маселесине да көңүл буруу керектигин айткан Нурланбек Шакиев: “Сөздөн ишке өтчү мезгил келди. Ар бир кыргыз жараны кыргыз тилин билиши керек”,– деди жана өлкөдөгү жер-суу аталыштарын кыргызчалоо зарылчылыгын белгиледи. Буга мисал катары баш калаадагы төрт райондун аталыштарын өзгөртүүнү сунуштады.

0 Поделились