Чоң-Алайда жер титирөөдөн кийинки текшерүүнүн жыйынтыгы чыкты

Жарандык коргонуу комиссиясы Чоң-Алайда жер титирөөдөн кийинки текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта 7-майда жалпы 1000 турак жай текшерилип 529 турак жай авариялык абалда жана 8 үй кыйроого учураган. ӨКМги тарабынан берлиген 550 чатырдын Шибээ, Жекенди,Чулук, Кара-Тейит, Кара-Мык айылдарына тигилип, 3136 жаран жайгаштырылган.

7-май күнү Жекенди айылында Райимкулова Калбүбүнүн турак жайынын батыш тарабындагы тоо кыркасынан болжол менен көлөмү 306м3 болгон жер көчкү сүрүлгөндүктөн атуулду коопсуз аймакка көчүрүү зарылчылыгы келип чыккан. Бул жаран айыл өкмөт тарабынан коопсуз аймакка убактылуу жайгаштырылды.

Эске сала кетсек, Ош облусунун Чоң-Алай районунда 3-7 май аралыгында очогунда күчү 7 баллга жеткен бир нече жолу жер титирөө болуп,  Карамык айылынын түштүк батышынан 26 чакырым, Шибээ айылынын түштүк батышынан 35 чакырым, алыстыкта катталган. Чон-Алай районунун Шибе, Карамык, Кара-Тейит айылдарында 6 баллга чейин, ал эми башка райондордо 4-5 баллга чейин сезилген.