Кыргызстан шайлоо системасынын техникалык көзөмөл жагын өз колуна алды

Президенттик шайлоо күнү добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары жазылган документтердин көчүрмөсү дароо БШКнын сайтына чыгарылып турат. Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековага шилтеме жасап, «Азаттык» билдирди.

Ошондой эле, Кыргызстан шайлоо системасынын техникалык көзөмөл жагын өз колуна алды. БШКнын төрайымынын билдиргенине ылайык, буга чейин жалпы көзөмөлдү долбоорду ишке ашырууга жардам берген эл аралык адистер жүргүзүп келген. Эми 10 кыргызстандык адис атайын окуудан өтүп, бардык коддорду өз колуна алды.

Маалыматка ылайык, шайлоочулардын эң көп саны Бишкек жана Ош шаарларында. Бишкекте 234 шайлоо участогунан тышкары 33 кошумча участок иштейт. Ал эми Ош облусу боюнча 561 участок бар.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт, талапкерлердин саны 13 адам.