Жогорку соттун имаратына ок алып кирүүгө аракет кылган адамдын баш коргоо чарасы каралат

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Сотко ок-даары алып кирип бара жаткан учурда кармалган орусиялык жарандын баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу  шаардык милициянын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрь күнү Жогорку Соттун имаратына кирип бараткан учурда андан бир ок-дары алынган.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 241-беренесинин негизинде (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча иш козголду.