Сегиз жаштагы кызды зодуктоого аракет кылды деп 66 жаштагы тургун кармалды

Чүйдө сегиз жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деген шек менен Аламүдүн районунун 66 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Облустук милициянын маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга анын ата-энеси кайрылып, окуя 9-сентябрда болгонун айтып беришкен. Алардын айтымында, кылмышка шектүү Кызды чакырып алып өөп, тийишкен.

Окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин 130-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракет) негизинде иш козголду. Кылмышка шектүү жаран камакка алынды.