Чүй-Манас проспектисиндеги өтмөктөгү оңдоо иштери аяктап, ачылышы болду

Бишкектеги Чүй-Манас проспектисиндеги өтмөк капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрь күнү мэр Албек Ибраимовдун катышуусунда өтмөктүк ачылышы болду.

Эскерте кетсек, аталган өтмөк 1978-жылы курулган. Өтмөктү кайрадан оңдоо иштери 2017-жылдын май айында башталган болчу.