Кочкордо төрт адам жабыр тарткан унаа кырсыгы катталды

Кочкор районунда “Audi 80” жана “Toyota Windom” унаалары кагышып, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Кочкор – Кум-Дөбө унаа жолунун 10 чакырымында болгон. Эки унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчү ар кандай жарааттар менен тез жардам кызматкерлери алып кетишкен.