Ысык-Көлдөгү кургак чөптүн өртөнүүсү токтотулду

Ысык-Көл районунун Темир айылындагы Григорий капчыгайында чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо 11-сентябрда саат 16:00до толук токтоду. Капчыгайда куураган чөп 10-сентябрда күйүп баштаган. Андан болжол менен 4-5 гектар аянттагы кургак чөп өрттөнүп кетти.