13-сентябрга карата аба ырайы

Бүгүн, 13-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29

Баткен облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, Күндүз +20..+25

Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +25…+27 градус жылуу болот.

Бишкете жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12 градус, күндүз +24…+26 градус болот.