2018-жылы күрөш боюнча Азия чемпионаты Кыргызстанда өтөт

Кийинки жылы күрөш боюнча Азия биринчилиги Бишкекте өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, чемпионат 2018-жылы 28-февралдан 4-мартка чейин борбор калаада өтөт. Мындай мүмкүнчүлүккө кыргызстандык спортчулар бир жылдай сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишти. Мелдеш грек-рим, эркин күрөш түрү боюнча жана кыздар арасында болмокчу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *