Мектеп директорлорун катарга тизип алып сабаган аким (видео)

Өзбекстандын Сайхунабод районунун акими мектеп директорлорун катарга тизип алып, бетке чапкылап сабап жаткан видеону Kun.uz. сайты жарыялап чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 2017-жылдын август айынын аягында болгон. Тасмада райондун акими Носиржон Эгамбердиев мектеп директорлорун өлкөнүн эгемендүүлүк майрамында мугалимдер окуучуларды чогулта албаганы үчүн чаап, урушуп жатканы тартылган.