Милиция куралчан 4 адамды издеп жатат

Чүй облусунун Панфилов районунун ИИБси куралчан төрт адамды издөөдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББнен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрда милицияга 1989-жылкы Ш.Р., аттуу жаран кайрылып, аны куралчан адамдар коркуткандыгын айткан. Ш.Р., аттуу жаранга 4 адамдын бирөө келип, биз каалаган жерге жеткирип кой деген. Айдоочу бензин жок деп жооп бергенде, аны уруп жиберген. Натыйжада кол салгандар унааны текшерип көрүшкөн. Айдоочунун сөзү калп эмес экенинен ынанган төртөө жөө басып кетишкен.

Арыз жазган адамдын айтуусуна караганда, алар төртөө болчу, алардын сумкасынын ичинде курал болгон.

Учурда куралчан адамдардын издөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *